3-июнда Кыргызпатенттин кызматкерлери GIZ Кыргыз-Герман долбоорунун өкүлдөрү жана Ош мамлекеттик университетинин STEM Инновациялык колледжинин окутуучулары менен биргеликте Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун базасында мугалимдер жана окуучулар үчүн STEM-билим берүү багыты боюнча мастер-класстарды өткөрдү.

Иш-чаранын максаты – жаштарды илимий-ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, региондордун билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана окуучулары үчүн окутуу методикаларын колдонууга кызыгууну ойготуу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө креативдүү индустрия, билим берүүдөгү жасалма интеллект технологиялары, заманбап инновациялык химия, ошондой эле инженердик дизайндын негизги принциптери боюнча катышуучуларга мастер-класстар уюштурулду. Жыйынтыгында Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Чоң Алай, Өзгөн райондорунан катышкан мугалимдер жана окуучулар алган билимдерин андан ары колдонуу үчүн кошумча мотивация ала алышты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow