Бүгүн, 4-июнда Кыргызпатенттин кызматкерлери жана GIZ кыргыз-герман кызматташтыгы биргелешип Ош шаарындагы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Курак – креативдүү индустриялардагы аялдарды жана кыздарды колдоо» долбоору боюнча иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты – чыгармачыл тармактагы кыз-келиндердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, креативдүү индустрияда алардын ролунун манилүүлүгүн белгилөө болуп саналат.
Аталган иш-чараны университеттин ректору А. Мамасыдыков ачып берип, өз сөзүндө окуу жай менен Кыргызпатент көп жылдан бери тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорго жигердүү катышып келерин белгилеп өттү. Ошондой эле ректор Кыргызпатентти университеттин стратегиялык багыттагы өнөктөшүбүз деп мындан ары да кызматташуу улана берерин айтты.
Ал эми Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун бөлүм башчысы Д. Түлөбердиева иш-чаранын катышуучуларына Кыргызпатент салттуу билимдер жана улуттук баалуулуктарга ар дайым өзгөчө көңүл бурарын жана мекеменин учурда аткарып жаткан иштерине токтолду.
Долбоордун алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата инженердик-технологиялык факультети «Улуттар биримдиги» аталышындагы этнокийимдер боюнча көргөзмө уюштуруп, алар көрсөткөн түрдүү улуттук кийиидердин өзгөчө калыбы, көркөмдүлүшү, дизайны көпчүлүктүн купулуна толуп, кызыгууну жаратышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызпатенттин жана GIZ кыргыз-герман кызматташтыгынын өкүлдөрү тарабынан көргөзмөнүн катышуучуларына атайы дипломдор жана белектер тартууланды.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow