2024-жылдын 5-июнунда Кыргызпатенттин жана GIZ кыргыз-герман кызматташтыгынын өкүлдөрү Ош шаарындагы “Таберик” коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун бөлүм башчылары Д. Түлөбердиева менен В. Имангазиева мекеменин ишке ашырып жаткан: “40 райондон 40 инновациялык демилге”, Илимдеги аялдардын орду”, “Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдардын образы” ж.б. долбоорлору боюнча кеңири маалымат беришип, жакшы маанайдагы баарлашуу болду. GIZ кыргыз-герман кызматташтыгынын өкүлү З. Оморова өздөрүнүн креативдүү индустриялардагы аялдар менен кыздарды колдоо боюнча долбоорлору менен тааныштырып, суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Таберик” коомдук фондунун башчысы Г. Абытова Кыргызпатентке товардык белги, товардык аталыш боюнча өтүнмө менен кайрыларын билдирди.

Мындан тышкары, аймактардагы кыз-келиндерди креативдүү индустриянын тармактарына тартуу маселелери талкууланып, долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну максат коюп, бир топ сунуштар киргизилди.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow