“7 жаш автор” республикалык адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар  мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)  “7 жаш автор”  республикалык адабий сынагын 2009-жылдан бери ишке ашырып келет. Ушу күнгө чейин 85 жаш калемгердин жеке автордук китеби жарык көргөн.

Мына бүгүн Кыргызпатент жаш калемгерлердин китебин чыгарып берүү, чыгармачылыгынын өнүктүрүү жана коомчулукка жайылтуу максатында  уюштурган кезектеги “7 жаш автор” республикалык адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Тогуз кишиден турган Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү калемгерлер жеңүүчү деп табылды:

  1. Өскөнбай Бердибаев “Памир кайрыктары”;
  2. Исамидин уулу Бектурали “Жүрөктөгү мүрөк”;
  3. Максатгүл Жанузакова “Көл кечи”;
  4. Назгүл Дотуева “Ак жарык”;
  5. Бурул Догдурбекова “Ой чабыт”;
  6. Акылбек Чымырбаев “Жан аалам”;
  7. Болотбек Имамов “Тамчы”.

Белгилей кетсек, “7 жаш автор” республикалык адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнүн китеби Кыргызпатенттин колдоосу менен жарык көрүп, күз айында бет ачары өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Кыргызпатент “7 жаш автор” адабий сынагына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 2024-жылдын 1-февралынан 15-майына чейин кабыл аларын жарыялаган. Конкурска жалпысынан 31 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 9 калемгердин чыгармачыл иштери жобонун тийиштүү талаптарына жооп берген эмес (автордун өзү жөнүндө маалыматтын толук эместиги, өтүнмөлөрдүн жоктугу, адабий тилдин ченемдерин жана жазуу эрежелерин сактабагандыгы, чыгармаларынын өтө аздыгы ж.б.).

Ал эми 22 автордун аты-жөнү, жаш курагы, окуган (иштеген) жери, жашаган аймагы ж.б. маалыматтар жашырылып, чыгармалар жыйнактары атайы сыр номер менен конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Ошондой эле калыстар тобуна кимдер киргени да белгисиз болгон.

___________________________________________________________________________________________________________________

Определены победители республиканского литературного конкурса «7 молодых авторов»

Государственное агентство  интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики (Кыргызпатент) с 2009 года проводит республиканский литературный конкурс «7 молодых авторов». В нашей стране немало творчески одаренных молодых людей, проявляющих свои способности в литературной сфере. На сегодняшний день изданы произведения 85 молодых авторов.

Сегодня названы имена победителей республиканского литературного конкурса «7 молодых авторов», организованного Кыргызпатентом в целях издания книг молодых писателей. Конкурс направлен на развитие современной кыргызской литературы, поддержку молодых авторов и популяризацию их творчества.

По решению жюри в составе девяти человек победителями были признаны следующие писатели:

  1. Өскөнбай Бердибаев “Памир кайрыктары”;
  2. Исамидин уулу Бектурали “Жүрөктөгү мүрөк”;
  3. Максатгүл Жанузакова “Көл кечи”;
  4. Назгүл Дотуева “Ак жарык”;
  5. Бурул Догдурбекова “Ой чабыт”;
  6. Акылбек Чымырбаев “Жан аалам”;
  7. Болотбек Имамов “Тамчы”.

Отметим, что книги победителей республиканского литературного конкурса «7 молодых авторов» издана при поддержке Кыргызпатента, а презентация новых книг пройдет осенью.

Для информации: Всего на конкурс поступило 31 заявка, из них 9 творческих работ авторов не соответствовали требованиям положения (неполная информация об авторе, отсутствие заявок, несоблюдение литературного языка и правил написания, очень маленькое произведение и т. д.).

Информация о 22 авторах, ФИО, возраст, место учебы (работы), регион проживания и др. была скрыта, а сборники работ были отправлены членам жюри конкурса по специальному секретному номеру. Также было неизвестно, кто вошел в состав жюри.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow