Бүгүн 15-июлунда "40 райондон 40 демилге" долбоорунун алдын ала тандалып алынган 34 катышуучусу үчүн “Alfa Leader” тренинг-консалтинг компаниясынын консультанты Назгүл Шекекова бизнести пландаштыруу боюнча тренинг өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бизнес-пландын түзүмү, ар бир бизнестин максаты – киреше табуу, рыноктун көлөмүн баалоо, кардарларды сегментөө жана бизнести каржылоо тууралуу маалымат алышты. Катышуучулар тренингден конкреттүү кырдаалдын мисалында бизнести кантип пландаштыруу керек, кандай маалымат чогултуу жана талдоо жүргүзүү, бизнес-система деген эмне жана ал кандай подсистемалардан турарын билишти.
Тренингдин жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, бизнести пландаштыруу боюнча суроолордун түрүн узатышты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow