КРЕАТИВДҮҮ ИНДУСТРИЯДАГЫ ӨНӨРЛҮҮ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОГОН “КУРАК” ДОЛБООРУ

“Курак – креативдүү индустриялардагы аялдарды жана кыздарды колдоо» кыргыз-герман GIZ долбоору жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги өткөргөн GALS Гендердик аракеттерди окуу системасы тренинги өнөрлүү айымдарга жаңы мүмкүнчүлүк ачууда.
Анткени биздин коомдо көп аялдар максаттарын ишке ашыра албай жүрөт. Мындан тышкары гендердик теңсиздик бар. Аялдар өзүн өзү өстүрүү, ийгиликтүү болуу боюнча окуу, машыгууларга барып жүрүшөт, бирок аларга максатты туура коюу жана аны жигердүү түрдө ишке ашыруу, ага финансылык жактан колдоо алуу үчүн бул долбоор аларга пайдалуу болуп жатат.
Бул пилоттук долбоор алгач Ошто өткөрүлүп, ага 60 тай аракетчил айымдар катышкан. Ал эми Бишкекте өтүп жаткан тренингге 40 катышуучу келген.
Окуунун экинчи этабында бизнес пландарды колдоо боюнча жалпысынан 2,5 миң евро бөлүнгөн. Бул каражат ар бир жеңүүчүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталып анан акчалай түрдө эмес, муктаж болгон жабдуусун сатып беришет.
Иш-чара октябрь айында жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылып, мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларында ири фестивалдар өтөөрү күтүлүүдө.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow