“Курак – креативдүү индустриялардагы аялдарды жана кыздарды колдоо"

GIZ долбоору жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги өткөргөн GALS Гендердик аракеттерди окуу системасы тренинги өнөрлүү айымдарга жаңы мүмкүнчүлүк ачууда. Анткени биздин коомдо көптөгөн аялдар максаттарын ишке ашыра албай жүрүшөт. Мындан тышкары гендердик теңсиздик бар. Аялдар өзүн өзү өстүрүү, ийгиликтүү болуу боюнча окуу, машыгууларга барып жүрүшөт, бирок аларга максатты туура коюу жана аны жигердүү түрдө ишке ашыруу, ага финансылык жактан колдоо алуу үчүн бул долбоор аларга пайдалуу болуп жатат.