26-сентябрында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик фонд “40 райондон 40 демилге” долбоорунун 2022-2023-жылдын жеңүүчүлөрү менен кезектеги онлайн жолугушуу уюштурду.

Жолугушууда 2022-жылдын жеңүүчүлөрү бүгүнкү күндө долбоорлорун ишке ашырууда кандай иштер аткарылып жаткандыгы боюнча маалыматтарын беришти. Долбоорлор ишке киргенден бери 66 адам туруктуу, 48 адам сезондук жумуш орду менен камсыз болушту. Ал эми 2023-жылдын жеңүүчүлөрү алган финансылык каражаттарын сарптоо боюнча отчетторун берип, презентация кылышты.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик фонд тарабынан бардык жеңүүчүлөргө келишимге ылайык акча каражаттарынын өздөштүрүлүшүнө жараша инновациялык демилгелерге 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, ал эми стартаптарга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин акча каражаты бөлүнгөн. Келишимге ылайык, Мамлекеттик фонд долбоорду ишке ашыруу боюнча алынган финансылык каражаттардын чыгымдалышын жана ишке ашырылышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow