2024-жылдын 1-октябрында Кыргызпатент Баткен мамлекеттик университетинин базасында кезектеги 26-Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун (ТИКБ) ачты.

ТИКБнын негизги милдети ойлоп табуучуларга жана инноваторлорго интеллектуалдык менчик тармагы боюнча маалыматтык, кеп-кеңеш жана усулдук колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен Баткен мамлекеттик университетинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Иш-чаранын алкагында, катышуучулар үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча маалыматтар берилди, ошондой эле, Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн адистери тарабынан окутуу семинар уюштурулду.
Маалымат үчүн:
Баткен мамлекеттик базасында ачылган ТИКБдан, илимий бирикмелердин өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер өнөр жай менчик объектилерин каттоого өтүнмөнү толтуруу, товардык белгилерди каттоого, технологияларды өнүктүрүү жана инновацияларды илгерилетүүгө байланыштуу техникалык жана патенттик маалыматтарды ала алышат.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow