2024-жылдын 1-4-октябрында Кыргызпатент тарабынан Баткен облусунда жайгашкан Лейлек жана Кадамжай районундагы “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоодо жеңип чыккан 4 инновациялык демилгеге 1000000 сомго чейин 4 стартап 500 000 чейин каржыланган.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кара-Суу айлынын тургуну “Бал челекчиликти өнүктүрүү” долбоорунун автору, жеңүүчү Матураимов Муктарали Кыргызпатент тарабынан берилген 1 000 000 сомго тийиштүү жабдууларын сатып алган.
Жеңүүчү бүгүнкү күндө Атайын ыкма аркылуу 3 × 5 м аянтка бир эле учурда 15ке чейин аары үй-бүлөсүн жайгаштыруу системасы менен иштеп, Асыл тукум аары үй-бүлөлөрүнөн экологиялык жактан таза бал челекчилик продукциясын өндүрүүдө. Алынган жабдуулары боюнча М. Матураимов маалымат берип, иш жүзүндө иштешин көргөздү.

Иш чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров, Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А. Жетигенова, Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкалык уулу Шержан, ошондой эле Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы А. Акматов, Лейлек райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К. Сулайманов, Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиев катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Ошондой эле, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз -Кыштак айылындагы “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү «Кызыл как» долбоорунун автору А. Арзыбаева ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Жеңүүчү жалпысынан 540 560 сомго тийиштүү жабдууларын сатып алып, эттүү томат сортторунан заманбап технологияларды колдонуп, помидорлорду кургатуу жолу менен зыяны жок, кызыл кактарды өндүрүүдө. Алынган жабдуулары боюнча маалымат берип, иш жүзүндө жабдууларынын иштешин көргөздү. Өндүргөн азыктары боюнча көптөгөн сунуштар, буйрутмалар берилүүдө.
Баткен облусунун Кадамжай районунун, Кудук айылындагы “40 райондон 40 демилге” долбоорунун “Violet gold” лаванда талаасынын жеңүүчүсү Г. Саматова Кыргызпатент тарабынан берилген 499 996 сомго тийиштүү жабдууларын сатып алган жана 8 сот. жерге 1000 түп лаванда көчөттөрүн алып отургузушкан. Учурда лаванда көчөттөрү жерге адаптация болуп, өсүп жатканын иш жүзүндө көргөздү.

Иш чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров, Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А. Жетигенова, Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкалык уулу Шержан, ошондой эле Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б. Коргонбаев, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын региондорду өнүктүрүү жана социалдык эканомика бөлүмүнүн башчысы М. Эшатов, Молдо Нияз айыл аймагынын башчысы Х. Досатов, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн орун басары А. Мамасалиев, Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Жолдошов катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Иш сапардын алкагында 2022 -жылдын жеңүүчүсү Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну З. Досатовдун “Аз түшүм берүүчү дөнсөөлүү жерде биогумусту пайдалануу менен кызыл өрүк бакчасын «акылдуу» тамчылатып сугаруу” долбоору жана Баткен облусунун Баткен районунун тургуну Т.Төлөмүшовдун «Өрүк Курут» долбоору боюнча азыркы учурда иш өз нугунда жүрүп жаткандыгына биздин кызматкерлер күбө болушту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow