КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ “КЕЛЕЧЕК ЖАРАТМАНЫ” ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

2024-жылдын 11-октябрь күнү Инновациялык борбордо «Келечек жаратманы» олимпиадасынын женүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлүп, жалпы 110дөн ашык адам катышты (калыстар тобу, жетекчилер, жеңүүчүлөр).

2024-жылдын 24-июнунда катчылык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн калыстар тобу менен онлайн форматта жыйынтыктоочу отурум өткөрүп, баардыгы 67 бала жеңүүчүлөр болуп аныкталган. Анан ичинен 11-октябрда 39 окуучулар (Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас) областтарынан келген балдар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ал эми калган 28 жеңүүчүлөр (түштүк региондон) 6-ноябрь күнү Ош шаарында сыйланышат.

Маалымат үчүн:

Окуучулардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатында уюштурулган олимпиада эки багытта өттү:

  1. «Ойлоп табуу» багытындагы номинациялар:

«техникалык моделдөө жана конструкциялоо»;

— «электротехника жана энергетика» (РЭ)

— «жашыл келечек»  үчүн ойлоп табуулар.

— «робототехника».

  1. «Видеоролик» багыты боюнча:

— Иинтеллектуалдык менчик, «жашыл келечек»  үчүн инновациялар».

20-23-Май, 2024-жылдын финалына 200дөн ашык мектеп окуучулары жана 100 техникалык чыгармачылык ийримдеринин жетекчилери катышып, калыстар тобуна 160тан ашык долбоор сунушталды. Олимпиаданын жогоруда аталган номинациялары жана багыттары боюнча балдар өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Даярдалган долбоорлор өткөн жылдарга салыштырмалуу инженердик-техникалык эсептерди абдан сабаттуу түрдө эске алуу менен жасалган, олимпиадага катышуучулардын саны да жылдан жылга көбөйүп, катышуу Республиканын бардык аймактарынан орто мектептердин саны өсүүдө.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow