2024-жылдын 15-октябрь күнү Кыргызпатент жакында өткөрө турган “40 район – 40” адабий конкурс тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча онлайн режиминде кезектеги түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарада административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, адабият, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн  иш-чарага жигердүү катышып, аталган конкурска аймактардагы калемгерлерди тартууда жана катыштырууда көмөктөрү чоң экендиги баса белгиленди. Иш-чарага 70тен ашык киши катышып, ал суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолду.

Катышуучулар пайдалуу маалыматтар үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн: Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндө тескемесин аткаруу максатында аймактар үчүн маалыматтык иш-чараларды уюштурууда.

Авторлор үчүн кулак кагыш,  “40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери аркылуу кабыл алынып, конкурстун Катчылыгына жөнөтүлөт.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow