Бүгүн, 16-октябрда Кыргызпатент “40 район – 40 китеп” адабий конкурс жөнүндө Нарын облусу боюнча онлайн режиминде кезектеги түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чара өткөрдү.

Конкурстун максаты – республиканын аймактарындагы калемгерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, мыкты адабий чыгармаларды коомчулукка жайылтуу, таланттуу авторлорду издөө, алардын чыгармачылыгына окурмандардын көңүлүн тартуу.

Иш-чарага Нарын шаардык мэриянын, райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, китепканачылар, адабият, маданият жана искусство өкүлдөрү, жалпысынан 90го жакын адам катышты.

Маалымат үчүн: Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндө тескемесин аткаруу максатында аймактар үчүн маалыматтык иш-чараларды уюштурууда.

Авторлор үчүн кулак кагыш,  “40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери аркылуу кабыл алынып, конкурстун Катчылыгына жөнөтүлөт.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow