2024-жылдын 17-октябрында Кыргызпатент “40 район – 40 китеп” адабий конкурс жөнүндө Ош облусу боюнча онлайн режиминде кезектеги түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чара өткөрдү. Иш-чарага 50гө жакын киши катышты.

Маалымат үчүн: Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндө тескемесин аткаруу максатында аймактар үчүн маалыматтык иш-чараларды уюштурууда.

Авторлорго кулак кагыш,  “40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери аркылуу кабыл алынып, конкурстун Катчылыгына жөнөтүлөт.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow