Үстүбуздөгү жылдын 14-октябрынан 23-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндөгү тескемесин аткаруу максатында республикадагы 7 облус боюнча онлайн режиминде маалыматтык иш-чара өткөрдү.

Аталган маалыматтык онлайн иш-чарага КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын жооптуу кызматкерлери, китепканачылар, маданият өкүлдөрү, авторлор катышты.

— Биринчи күнү, тагыраак айтканда, 14-октябрда Баткен облусу боюнча, жалпысынан 40ка жакын киши;

— 15-октябрда Жалал-Абад облусу боюнча 70тен ашык киши;

— 16-октябрда Нарын облусу боюнча 90го жакын киши;

— 17-октябрда Ош облусу боюнча 50гө жакын киши;

— 18-октябрда Талас облусу боюнча 70тен ашык киши;

— 21-октябрда Ысык-Көл облусу боюнча 50дөн ашык киши;

-22-октябрда Чүй облусу боюнча 60тан ашык киши катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери тарабынан “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу тууралуу кеңири маалыматтар берилди жана катышуучулар өз суроолоруна толук кандуу түшүндүрмө ала алышты.

Ошондой эле 29-ноябрда Кыргызпатент уюштуруп жаткан аялдар форуму боюнча да кызыктуу маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолуп турду.

Катышуучулар пайдалуу маалыматтар үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирүү менен пайдалуу маалыматка ээ болушканын баса белгилешти.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow