Көңүл буруңуздар! Көңүл буруңуздар! Кыргызпатент “40 район – 40 китеп” аталышындагы адабий конкурс жарыялайт!
Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) “Проза” – романдар, повесттер, аңгемелер жыйнактары;
2) “Поэзия” – поэмалар, ырлар жыйнактары;
3) “Публицистика” – макалалардын жана публицистикалык чыгармалардын жыйнактары;
4) “Балдар жана жаштар адабияты” – романдар, повесттер, аңгемелер, ырлар жыйнактары;
5) “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү боюнча адабияттар”;
6) “Маданият жана искусство боюнча адабияттар” – альбом-каталогдор, фотоальбомдор ж.б.
Конкурска курагы 18 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар топтому мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!
Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн чыгармалар жыйнагы Кыргызпатент тарабынан жарыкка чыгат.
Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1), 200-500 беттен ашпоого тийиш.
Конкурстун жобосу менен patent.gov.kg, fund.patent.kg/ сайттарынан таанышып чыгууга болот.
Конкурска Жобонун №1, 2-тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу Катчылыктын gosfond.patent@patent.kg электрондук почтасына жөнөтүү керек.
Жобо менен таанышып чыгуу үчүн ушул шилтемени басыңыз: http://fund.patent.kg/?page_id=1961
Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71,
(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Внимание! Внимание!
Кыргызпатент объявляет литературный конкурс “40 районов – 40 книг”
Конкурс проводится по номинациям:
1) «Проза» – романы, повести, сборники рассказов;
2) «Поэзия» – поэмы, сборники стихотворений;
3) «Публицистика» – сборники статей и публицистические произведения;
4) «Литература для детского и юношеского возраста» – романы, повести, сборники рассказов, сказок, стихов;
5) «Литература о становлении кыргызской государственности»;
6) «Литература по культуре и искусству» – альбомы-каталоги, фотоальбомы и др.
В Конкурсе могут участвовать авторы от 18 лет и выше.
Произведения (рукопись), выдвигаемые на Конкурс, должны быть не опубликованными и написаны на государственном или официальном языках.
Победителям Конкурса Кыргызпатент издает их конкурсной работы.
Объем произведений, поданных на Конкурс, не должен превышать от 200-500 страниц (с пробелами). Конкурсные работы принимаются в форматах word. Шрифт Times New Roman 14, межстрочный интервал – одинарный, поля – стандартные.
С Положением о проведении литературного конкурса «40 районов – 40 книг» можно ознакомиться на сайтах patent.gov.kg, fund.patent.kg/
Заявка на участие в Конкурсе и прилагаемые к ней документы направляются в секретариат (Государственный фонд) районной государственной администрацией по приложениям №1 и №2 с 1 ноября по 31 декабря 2024 года на электронную почту Секретариата gosfond. patent@patent.kg.
Для ознакомления с Положением можно пройти по этой ссылке: http://fund.patent.kg/?page_id=1961
Телефоны для справок: (0312) 68-04-71,
(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29