Сизде инновациялык долбоор же стартап бар, бирок акча менен билимиңиз жетпей жатабы?
Кыргызпатент “40 райондон 40 демилге” жаңы долбоорунун алкагында 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 000 сомго чейин стартаптарды каржылоого даяр!
Тандоого катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августуна чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу 40demilge@patent.kg электрондук дарек боюнча Кыргызпатентке тапшыруу керек.
Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы:
http://fund.patent.kg/?page_id=1336
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаныздар болот: 0312 680471, 0755 11 44 24.
Аймактарды өнүктүрөлү!