Search:

Тел:+996 770 98 98 28, +996 701 16 16 92

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости  / Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн инновациялык технологиялары

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн инновациялык технологиялары

2017-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жарандык агартуу” коомдук фонду, JICA менен биргеликте “Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн инновациялык технологиялары. Япон тажрыйбасы темасындагы тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чараны өткөрүү максаты органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүдө инновациялык технологияларды өнүктүрүү, келечекте Кыргызстанда экологиялык айыл чарбаны өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат. Майды аз камтыган сүт жана эт продуктуларын  жашылча жана жемиштерди, ата мекендик өндүрүү үлүшүн жогорулатуу боюнча, ошондой эле калктын сапаттуу жана коопсуз азык түлүк продукциясы менен муктаждыгын камсыздоо боюнча ыңгайлүү шарттарды түзүү өтө маанилүү болуп саналат.

 

Тегерек столдун ишине КР Улуттук илимдер академиясынын, Айыл чарба жана мелиорация министрилигинин, “Жарандык агартуу” КФсынын, JICAнын, КРында Органикалык дыйканчылыкты илгерилетүү, “Кыргыз-Швейцар банк” ЖАКсынын, “Агрардык платформа” КБсынын, Ecomade, “FSDS” КФсынын, “Чандра Гарденс” ЖЧКсынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана фермерлер катышты.

Печать