Search:

Тел:+996 770 98 98 28, +996 701 16 16 92

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости  / ОШ ШААРЫНЫН ЖОЖДОРУНДА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР БОЛУП ӨТТҮ

ОШ ШААРЫНЫН ЖОЖДОРУНДА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР БОЛУП ӨТТҮ

2017-жылдын 12-майында М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун филиалында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучулук жана аны ишке ашыруу жөнүндө ой-пикирлер боюнча жолугуушуларды өткөрдү.

Жолугушууда “Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү”тууралуу презентация тартууланды, анда убакытты, аралыкты жана чыгымдарды кыскартуу менен коомдун абдан кеңири катмарларына чейин интеллектуалдык менчик жөнүндө билимди жеткирүү жана жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну жөнүндө айтылды. Ошондой эле ойлоп табуучулардын алдыңкы иш-тажрыйбаларын бүгүнкү күндө кантип ишке ашыруу жана коммерциялаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош Мамлекеттик социалдык университетинин  илимдер боюнча проректору М. Исманов “Чынжырдуу кескич мүчөлөрү менен ташкескич унаасы” аталыштагы ойлоп табуусун иш жүзүнө ашыргандыгын баяндап берди. Ошондой эле,профессор Ы. Ташполотов дүйнөлүк илимий жыйынтыктарын патенттөө өзгөчөлүктөрү боюнча мисал келтирип иш жүзүнө киргизилген патенттери жана автордук күбөлүктөрү жөнүндө пикир алмашты.

Жолугушууга ОшМУнун, М. Адышев атындагы ОшТУнун, ОшМСУнун жана КРнын УИАнын Түштүк бөлүмүнүн А. Джаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстар институтунун профессордук-окутуучу курамы, ойлоп табуучулар жана аспиранттар, бардыгы болуп 56 киши катышты.

Печать