Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости  / Республикадагы климаттын өзгөрүшүнүн туруктуу өнүгүшү, энергиялык майнаптуулук жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

Республикадагы климаттын өзгөрүшүнүн туруктуу өнүгүшү, энергиялык майнаптуулук жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

 

 

19-сентябрда 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Европалык бирлигинин колдоосу астында “БИОМ” экологиялык кыймылы менен Конрад Аденауэр атындагы фонд тарабынан ишке ашырылуучу “Кыргыз Республикасында коопсуз билим берүү мектебин каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоору менен бирге “Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн туруктуу өнүгүшү, энергиялык майнаптуулук жана экологиялык коопсуздук маселелери” темасына семинар өткөрдү.

Семинарга мамлекеттик мекемелердин, ЖОЖдордун, ИИИнин өкүлдөрү жана ойлоп табуучулар катышты, алар климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, коопсуз экологиялык технологияларды илгерилетүү жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн керектелүүчү ресурстардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган энергияны сактоо маселелерин талкуулашты.

Семинардын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында коопсуз билим берүү мектебин каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун координатору Курохтин Алексей “Туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү: концепция, мүмкүнчүлүктөр жана заманбап чакырыктар” деген темада, “Кыргыз Республикасында коопсуз билим берүү мектебин каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун мектеп компонентинин координатору Альфия Насырова “Мектепте билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу”, “Энергиялык майнаптуулук жана энергиянын калыбына келтирүүчү булактарын пайдалануу” темаларда баяндамаларын окушту.

Ойлоп табуучулар Левин Вячеслав Евгеньевич “Энергия үнөмдөөчү технологиялар, желдетүү системалары, курулуш жана экология” темасында жана Турсунов Эмиль Шамбетович “ Шамал-күн электр түзүлүшүн иштеп чыгуу” темасында баяндамаларын окушту.

Печать