Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости  / Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу

Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу

«Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек стол тууралуу  кыскача маалымат
2018-жылдын 18-апрель күнү “Алтын түйүн” РБИТАнын конференц-залында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан уюштурулган «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты – энергиялык натыйжалуулукту жана энергиялык үнөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошону менен биргеликте өндүрүштө мекендик ойлоп табууларды жандандыруунун тажырыйбасын көрсөтүү болуп саналган.

Тегерек столго мекендик ойлоп табуучулар (Шипилов В.Н., Рыжков В.Н., Турсунов Э.Ш., Сарымсаков Ж.О.)  жана төмөндөгү ишкана, мекемелердин өкүлдөрү:

– КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин;

– КР УИАнын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетикалык институтунун;

– “Кыргызстандын улуттук электрикалык байланыш” ААК;

– “Электрикалык станциялар” ААК;

– “Чакан ГЭС” ААК;

– Юнисон Групп;

– “БИОМ” экологиялык кыймылынын;

– Б. Ельцин атындагы КРСУ, И. Раззаков атындагы КМТУнун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучулары азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынында заманбап инновациялык өндүрүшттөрдү түзүү жана азыркы мезгилде иштеп жаткан өндүрүштүк жана коммуналдык заманбап объектилерди модернизациялоо жолу менен энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, ошону менен биргеликте мекендик жабдууларды жана технологияларды жандандыруу маселелери тууралуу талкуулашты. Мындан сырткары Токтогул ГЭСинин каскадында жүргүзүлгөн иштердин, жалпы өлкөдөгү гидроэнергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ресурстарды үнөмдөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер да каралды.

Талкуу учурунда катышуучулар мекендик инновациялык технологияларды жандандыруу энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга шарт түзө тургандыгын жана анын чечиминен күтүлгөн эффекти алууда энергетикалык ресурстарды колдонууну кыскартуудан эле эмес, заманбап технологияларды ишке киргизүүдөн да көз каранды экендигин баса белгилешти.

Печать