Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости  / ИМ Мамфонду Ш.Мусакожоев атындагы Инновациялар Академиясында ТИКБ филиалын ачты

ИМ Мамфонду Ш.Мусакожоев атындагы Инновациялар Академиясында ТИКБ филиалын ачты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Ш.Мусакожоев атындагы Инновациялар академиясында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) филиалын ачты.

ТИКБнын филиалын ачуунун алкагында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен Ш.Мусакожоев атындагы Инновациялар академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду жана “Патенттик маалыматты издөө үчүн интернет-ресурстарды пайдалануу” деген темада тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, банк мекемелеринин, ЖМК, ЖОЖдордун жана Академиянын профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызпатентке караштуу ИММФсы Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен ачылган ТИКБнын тарамдарын ачуунун демилгечиси жана ишинин координатору болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ТИКБнын 25 филиалы иштеп жатат.

ТИКБнын тарамын түзүүнүн максаты – билим алууну жеңилдетүү жана патенттик, патенттик эмес маалыматтарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, региондук деңгээлде патенттик укук чөйрөсүндөгү билимди жайылтуу. Борборлор интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык маалыматтык ресурстарды акысыз берүүнү жүзөгө ашырат.

Борбор ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү фунцияларды аткарат:

  • патенттик  маалыматтык ресурстарды берет жана маалыматтар базасында издөө жүргүзүүнү үйрөтөт;
  • академияда интеллектуалдык менчик маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөт;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар боюнча жалпы маалымат берет.
Печать