Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Новости.  / Техникалык ийрим ойлоп табуучулукка жол ачат

Техникалык ийрим ойлоп табуучулукка жол ачат

2018-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы  (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу  Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык,  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунда балдар үчүн баштапкы билим берүүчү техникалык ийримин ачуу менен мындан ары дагы кызматташтыкты уланта берүү үчүн меморандумга эки тараптуу кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИМ мамфондусунун бөлүм башчысы Д. Түлөбердиева: “Мектеп окуучулардын жана жаштар арасында ар тараптуу талантын, өнөр-шыгын ойготуп, инженердик-техникалык багыттатагы кесипкөй адис чыгуусуна шарт түзүү болуп саналат” деп белгилеп айтуу менен интеллектуалдык менчик жаатында кеңири түшүнүк бере кетти. Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунун директору Т. Полосина Кыргызстандын жаратмандарын жана ойлоп табуучуларынын жаңы муунун калыптандырууда техникалык ийримдердин ачылышы жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле тартууланган шаймандардын жаңы ачылып жаткан авиамодель ийримине абдан керектигин жана өз учурунда көрсөтүлгөн чоң көмөк экенин белгилеп, Кыргызпатентке ыраазычылыгын билдирди.   

Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызпатент тарабынан буга чейин өлкөбүздүн аймактарында бир катар техникалык ийримдер ачылган. Бүгүнкү күндө ийрим жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо, келечекте мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо максатында Чүй-Токмокто экинчи ирет ачылып жатат. Бул техникалык ийримге Кыргызпатент 50 миң сомдук шаймандарды (фрейзердик, жылмалоочу машиналарды, циркулярдык аараларды ж.б.) белек катары тартуулады. Аталган  ийримде мектеп окуучулары акысыз техникалык баштапкы билим алуусуна шарт түзүлдү.

Иш-чарага Токмок  шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Чүй райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери,  балдар чыгармачылык борборлору жана ийрим жетекчилери, Кыргызпатенттин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү, жалпысынан 60тан ашык адам катышты.

Печать