Search:

Тел:+996 770 98 98 28, +996 701 16 16 92

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Без рубрики  / БДИМУнун Алтын медалын жана ЕАПУнун В.Блинников атындагы Алтын медалын ыйгарууга сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыя

БДИМУнун Алтын медалын жана ЕАПУнун В.Блинников атындагы Алтын медалын ыйгарууга сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыя

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө өбөлгө түзүү, ошондой эле ойлоп табуучулардын эмгегин таануу максатында төмөнкү сыйлыктарды ыйгарууга талапкерлердин сунуштарын кабыл алат:

  1. БДИМУнун (ВОИС) Алтын медалы

Тагыраак:  http://www.wipo.int/ip-outreach/ru/awards/

 ЕАПУнун В.И.Блинников атындагы Алтын медалы

Тагыраак: http://www.eapo.org/ru/documents/norm/polog_medal_txt.html

Талапкерлерди көрсөткөн уюмдардын жетекчисинин колу, мөөрү, күбөлөндүргөн бланкка номинацияны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана  анын электрондук түрүн сунуштайт. Сунушка Окумуштуулар Кеңешинин протоколунун же жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын көчүрмөсү тиркелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 16-февралында № 19 буйругу менен бекитилген Сыйлыктарды ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү тартибинин 10,15 жана 16-пункттарына ылайык:

  1. Ойлоп табуучулар Кеңешинин Президиумунун отурумунда сунуштар 3(үчтөн) кем эмес учурда гана каралат;
  2. В. И. Блинников атындагы Алтын медалынын ээси БДИМУнун сыйлыгына 3(үч) жылдан кийин гана талапкер болууга укуктуу;
  3. Ойлоп табуучулар Кеңешинин Президиумунун мүчөлөрү жогоруда аталган сыйлыктарга талапкер болууга укугу жок.

Тагыраак: http://patent.kg/index.php/ru/component/content/article/101-laws/vedomstvoluk-aktylar/zhobo/1991-poryadok-predstavleniya-kandidatov-na-prisuzhdenie-zolotoj-medali-vois-i-ili-nagrady-vois.html

Сунуштар 2018-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.

Документтер төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62

Сурап-билүү телефону: 0777 989808 Исманова Урмат

Печать