Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Объявление  /  “Густав Магнелдин Алтын Медалы” наамына сунуштарды кабыл алабыз

 “Густав Магнелдин Алтын Медалы” наамына сунуштарды кабыл алабыз

Көңүл буруңуздар! Көңүл буруңуздар!

        

 

 

Профессор Густав Магнелдин өмүрүндөгү жетишкендиктерин эскерүү катарында Гент университетинин инженерлер ассоциациясы мезгил-мезгили менен “Густав Магнелдин алтын медалын” ыйгарып турат.

1926-жылы Густав Магнель темирбетон үчүн лабораторияны негиздеп, өмүрүнүн акырына чейин (1955-жыл) директор бойдон калган. Көзү өткөндөн кийин лаборатория – темирбетонду изилдөө боюнча Магнелдин лабораториясы деп аталып калган.

         Медаль 2014-2018-жылдар аралыгында курулуп жана аяктап калган граждандык инженердик курулуштун дизайнерине ыйгарылат. Ал  курулуш  темирбетондун жана чыңалган бетондун  эң көрүнүктүү иши катары каралат.

         Негизделген учурдан тартып сыйлыкты алгандар:

1959 – Н. Эскиллан, институционалдык изилдөөчү (ИИ) (Франция);

1963 –П. Блоклэнд, ИИ (Нидерланд);

1968 – Ф. Леонхард,  профессор, инженерия илимдеринин доктору (Германия);

1973 – Ю. Финштервальтер, инженерия илимдеринин доктору (Германия);

1979 – Р. Де Кайсер ИИ (Бельгия);

1984 – Е. Витфохт, инженерия илимдеринин доктору (Германия);

1994 – Олав Олсен, тех. илимдеринин доктору (Норвегия);

1999 – Мишель Вирложу, инженерия илимдеринин доктору (Франция);

2004 – Йорг Шлайх, проф. инженерия илимдеринин доктору (Германия);

2009 – Хуан Хосе Аренас де Пабло, проф. (Испания);

2014 – Уилиам Фрацир Бэйкер, ИИ (АКШ).

Өтүнмө каттар:

-Административдик кеңештин сунушу менен;

-Үчүнчү жактын сунушу (жеке жак же коомдук уюмдар);

-Өзүн бул сыйлыкка ылайыктуу деп эсептеген өтүнмө кат ээсинин өз сунушу менен.

Ар бир өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

-Талапка жооп берген структураны кыскача сүрөттөө;

-Автордун түп нускалыгын ырастаган кайрылуучу тараптын жана кошумча эки жактын кол койгон декларациясы;

-Структура боюнча тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн административдик кеңешке бардык маалымат менен камсыз кылууга макулдугун бергенин көрсөткөн кайрылуучунун колу коюлган каты;

-Өтүнмө каттын CV түрү (резюме)

Бардык өтүнмө каттар конфиденциалдык (жашыруун) мүнөзгө ээ болот жана ишти Бельгиянын алты университетинин инженердик факультеттин инженерлери менен профессорлор курамынан турган калыстар тобу баалайт.

Жеңүүчү сыйлыкты алуу үчүн (6 000 евро) 2019-жылдын күз айында Бельгиянын Гент шаарында өтө турган салтанатка чакырылат. Жеңүүчүгө “Густав Магнелдин алтын медалы” наамы ыйгарылуу менен диплом тапшырылат. 

 Кызыкдар тараптар жана талапкерлер өздөрүнүн кайрылууларын англис тилинде 2019-жылдын 15-январына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүүгө тийиш.

Secretariat of the AIG

Jozef Plateaustraat 22

9000Gent

Belgium

Tel +3292643718

e-mail: AIG@UGent.be

Кошумча сурап билүү телефондору: 681902

Печать