Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ  / Без рубрики  / Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгынын алкагында!

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгынын алкагында!

Өспүрүмдөрдүн илимий техникалык ой жүгүртүү процесси –өнүгүү жолунда

Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзаманын 17-18-беренелеринин негизинде мектептен тышкаркы билим берүүнү ишке ашыруу максатында  өспүрумдөрдүн бош убактыларын туура пайдалануу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн максималдуу өнүктүрүү негизги тапшырма катары белгиленген. Алардын илимий-техникалык, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, изденүүчүлүк,  ойлоп табуучулук ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү бүгүнкү күндө  мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин негизги максаты жана милдети болуп эсептелинет.

Кыргыз Республикасынын билим берүү стратегиясына ылайык, билим берүүдө  сапаттуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу  максатында мектептен тышкаркы жана кошумча  билим берүү системасынын формаларын кеңейтип  уюштуруу зарыл. Өспүрүмдөргө кошумча ийримдерди уюштуруу алардын техникалык чыгармачылыкка жана  ойлоп табуучулукка болгон  кызуугуусун арттырууда. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун ролу абдан жогору.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик фонд өзгөчө таланттуу чыгармачыл  өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана  алардын ойлоп тапкан  идеяларын  ишке ашырууда  жакындан  көмөк көрсөтүп келет. “Мээрим” балдар билим борбору Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу жана Республикалык “Алтын- Түйүн” балдардын инженердик техникалык академиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуп өткөрүлүүчү “Биз-ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык сынагына, “Илимий- техникалык олимпиадага”, “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгына”, “Атам, апам жана мен – техникалык үй-бүлө” сынактарына жана башка иш- чараларга  активдүү катышып келет.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан каржыланып, өткөрүлгөн сынактар жана иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдүн изденүүчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүп, алардын  илимий-техникалык чыгармачылыкка болгон кызыгуусун өнүктүрүп, келечекте инженердик-техникалык адистикке үндөө менен кесипке багыт берүүдө. Жыл сайын салтка айланган  кароо-сынактарга  “Мээрим” балдар билим борборунун  окуучуларынын  акыркы 3 жылдыктагы республикада көрсөткөн жетишкендиктери :

 

  1. “Илим+ойлоп табуу=Техника” республикалык илимий техникалык олимпиада боюнча:

2015-2016-жылда  I орун;

2016-2017-жылда  III орун;

2017-2018-жылда I орунду багындырып, өтмө КУБОКко  ээ болгон.

 

  1. “Биз – ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык сынагында:

2015-2016-жылда III орун;

2016-2017-жылда  III орун ;

2017-2018-жылда III орунга 3 окуучу жетишти.

 

  1. Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун жетекчилиги менен Ош шаарындагы мектептер арасында “Интеллектуалдык менчик окуучулардын көзү менен” аттуу сынак-викторинасы III этап менен I – II этаптары “Мээрим”балдар билим борбору” тарабынан уюштурулуп  өткөрүлдү. I этабында 19 мектеп жеңүүчү, II этабында 12 мектеп жеңүүчү болуп, шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан диплом, грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. III этабы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун жетекчилиги тарабынан каржыланып, 2018-жылдын 12-май күнү “Мээрим” балдар билим борбору”тарабынан уюштурулуп  өткөрүлдү. Мында: 9 мектеп жеңүүчү деп табылып:

I орунга “Мээрим”балдар билим борборуна 9 000сом;

I орунга №18 А.Навои мектеп-гимназиясына 9 000 сом;

II орунга ОЛИМП мектеп-гимназиясына 6 000сом;

II орунга №22 С.Шарипов мектебине  6 000сом;

III орунга №50 П.Нышанов мектеп-гимназиясына 4 000сом;

III орунга №43 Бабур мектебине 4 000сом;

III орунга №42 мектеп-гимназиясына 4 000сом;

Ал эми №27 Калинин жана №34 Ч.Түлөбердиев мектептерине 2 500 сом акчалай сыйлыктар, дипломдор, грамоталар, сертификаттар жана  китепчелер берилди.

Бул сынак-викторина мектеп окуучулардын  интеллектуалдык чыгармачылык жигердүүлүгүн,  дүйнө таанымын  жана алардын талантын ойготуп, интеллектуалдык менчиктин ээси болууга үндөп кетти.

Мындан сырткары  Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун демилгеси менен  2018-жылдын 27-сентябрында “Мээрим” БББнун базасында ”Мен -келечектин жаш канаты” аттуу семинар өткөрүлдү жана борбордо техникалык “Жаш интеллектуалдар” ийрими ачылып, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу  тарабынан 49 000 сомдук техникалык шаймандар тапшырылды.

Ошондой эле, өзгөчө илимий-техникалык билим берүү жаатында уюштуруу ишмердүүлүгүнүн системасын түзүү, инженер, ойлоп табуучуларга шарт түзүү максатында  эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кыргызстандагы жаш муундардын  келечегин түптөөдө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик Фонддун орду чексиз баалуу экендигин белгилейбиз.

 

                   А.  Эгембаева, Ош шарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун директору

Печать