Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Без рубрики  / ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАШТАРГА КАМКОРДУК

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАШТАРГА КАМКОРДУК

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгынын жана

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында!

Мамфонддун 2009-2011-жж. директору

 

 

 

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАШТАРГА КАМКОРДУК

Кыргызпатенттин тутумуна кызматка келгенге дейре мен чейрек кылымга тете убакыт Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунда иштегендиктен, чыгармачылык жаштардын абалын  эң жакшы биле тургамын. Анын үстүнө, эсил кайран СССР бир күндө урап, мурдагы улуу биримдиктин убагында «эрке бала» болуп жүргөн чыгармачыл инсандар дароо коомдун «өгөй балдарына» айланганы өзгөчө калемгерлерге катуу тийген.

Чыгармалары тил каражатынын жардамы жок сезимге жеткен сүрөтчүлөр менен музыканттарга караганда калемгерлердин абалы мышык ыйлагандай абалга түшкөн. Союз убагында күргүштөтүп калем акы алып турган акын-жазуучулардын колдорунан калеми түшүп, жаңы доорго жуурулушуп кете албай кайсалактап калышты. Мамлекеттик делген басмалар жоюлуп, басмаканалардын техникалары таланып-тонолуп, темир-тезек катары Кытайга текейден арзан ташылып, түп орду менен жок болду.

Ошол учурдагы улуу муундагы жазуучулардын абалы ушундай абалга кептелгенден кийин, жаңыдан колуна калем кармаган таланттуу жаштардын ал-абалы айтса, айтпаса да белгилүү эле. Мурдагыдай алардын тушоосун кесип турган «Ала-Тоо жазы», «Жаш акын-жазуучулардын фестивалы» сыяктуу иш-чаралар өтпөй, бутуна эми там-туң тура баштаган эгемендүү жаш мамлекетибиздин жаштар саясаты менен иши да болбой калган учур келди. Мына ушундай катаал, өткөөл учурду баштан кечирип аткан кезеңде, т.а. 1997-жылдын баш ченинде Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун жетекчилигине келген мага, биринчи кезекте жаш чыгармачыл күчтөргө кантип жардам берүү маселеси милдет болуп тагылды. Кыргызстан жазуучулар Союзунун Президенти Надырбек Алымбеков экөөбүз жеке байланыштарыбыз, жапайы менчиктештирүүнүн али курмандыгына айланып кете элек мекеме-ишканалардын сезимтал жетекчилеринин көмөгү, демөөрчүлүк  жардамы менен 1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык «Алыкулдун акбоз ат» фестивалын өткөрүүгө жетиштик. Бир катар номинациялар боюнча лауреаттар аныкталып сыйлыктар тапшырылып, анда жаш акын-жазуучулардын аз да болсо өктөөсү жазылган.

Кийин өнөр адамдарына, чыгармачыл инсандарга, жаштарга жакындан жардам көрсөтө турган Кыргыз Республикаксынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун пайдубалы түптөлө баштаганын угуп калдык. Аз да болсо чыгармачылыкка өбөлгө бере турган бул уюмдун оожалып кетишин маданият итшмерлери Жараткандан тилеп турдук. Чыгармачыл жаштардын көктөн тилегени жерден табыларына ишендик. Бул мекеме иштей баштагандан кийин «Саамалык» аттуу адабий альманахтын, «Чыгармачылык жана турмуш» аттуу журналдын чыга башташы чыгармачыл жаштардын үмүтүнө от тамызды. Ал учурда туз насиби буйруп, бир учурда дал ушул мекеменин жетекчилигине келип калам деген ой он уктасам түшүмө да кирген эмес.

2007-жылдын аяк ченинде Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун Катчысы кызматынан кеткенден кийин, конкурстук негизде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик инттеллектуалдык менчик кызматынын Расмий басылмаларды чыгаруу башкармалыгынын начальнигинин кызматын ээлөөгө катышып, жеңүүчү катары  кызматка дайындалдым. Кандайдыр бир жаңы идея менен келүү жетекчиликтин талабы болгондуктан, мен Кыргызпатенттин жетекчилигинин алдына «Кыргызстандын жазуучулары», «Кыргызстандын сүрөтчүлөрү», «Кыргызстандын композиторлору», «Кыргызстандывн ойлоп табуучулары» ж.б.у.с. аттуу  маалыматтык китептерди чыгарууну, чыгармачылык жаштарды колдоп, «Жети жаш автор» аттуу долбоорду ишке киргизүүнү сунуштадым. Кыргызпатенттин ошол мезгилдеги төрагасы меним бул сунуштарымды колдоого алып, бул долбоорлор ишке кирип кетти. Натыйжада, 2008-жылдын аяк ченинде аталган  маалымат китептердин, жаштардын алгачкы «7 китебинин» тушоо кесер аземи А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук опера жана балет театрында чоң салтанат менен өтүп, жазуучуларга, сүрөтчүлөргө, композиторлорго, ойлоп табуучуларга, жаш акын-жазуучуларга маалыматык жана автордук китептери таратылды. Бул Союз урагандан кийин чыгармачыл инсандарга мамлекеттик мекеме тарабынан колдоо көрсөтүүнүн үлгүсүн тастыктаган чоң иш-чаранын бири болуп калганын ага катышкан республикабыздын аттуу-баштуу инсандары айтып кетишти.

Бул иш-чаранын кызуусу таркай электе Кыргызпатенттин төрагалыгына жаңы келген Улан Мелисбек Кыргызпатенттин ишин кайра уюштуруу максатында менин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунда иштеген кезимдеги иш тажрыйбамды эске алдыбы, айтор Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондун жетектеп берүүмдү өтүндү. Каршылык кылганым жок. Мага дейре бул мекемеде кыргыз элине кеңири таанымал окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов, Кыргызпатенттин пайдубалын алгачкылардан болуп түптөөгө катышкан Абдухалил Токоевдер иштеп кеткенин жакшы биле тургамын.

Чыгармачыл инсан катары, мага Мамфонддогу ишмердүүлүк абдан жакканын белгилеп коюум керек. Ондогон өнөр ээлерине: окумуштууларга, ойлоп табуучуларга, жазуучуларга, сүрөтчүлөргө, обончу-композиторлорго жардам берип аттык. Көптөгөн китептердин чыгышына өбөлгө бердик. Көргөзмөлөрдү уюштуруп, фестивалдарды өткөрдүк. Чыгармачыл балдардын «Алтын түйүн» уюму менен жыл сайын биргелешкен иш-чараларыбыз салттуу турдө өтүп турду. Жаш акын-жазуучулардын арасында конкурс жарыялап, тээ алыскы райондордогу мектептердин окууучуларынын чыгармаларын да алдырып, окуп, редакциялап, оңдоп-түзөп, «Саамалык» альманахына жарыялап турдук.  Андан өсүп, коомчулугубузда гезит-журналдарда чыккан ырлары менен оозго алынып калган жаш авторлордун чыгармаларын Кыргыз Республикасынынын чыгармачыл жаштарынын «Нурборбор» Академиясынын сунушу менен «Чыгармачыл жаштардын 7 китеби» долбооруна киргизип турдук.

Мына ушул жерде «Чыгармачыл жаштардын 7 китеби» долбоорунун кантип иштеп калганы тууралуу азыноолак сөз кылсам ашыкча кетпес деп турам. Мен Расмий басылмаларды чыгаруу башкармалыгынын начальниги болуп келген 2007-жылдын башында «Нурборбордун» төрагасы Нурлан Калыбековду чакырып, маселени кабыргасынан койдум. Ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, бул долбоорду иштеп чыгып, Кыргызпатенттин жетекчилигине сунуштадык. Кудай жалгап,  жетекчилик бул сунушубузду туура кабыл алып, долбоорубуз жигердүү иштеп кетти. Жыл сайын жаштардын 7ден китеби чыгып отуруп, учурда алардын саны 70ке чамалап калды. Ким билет, балким алардын арасынан кыргыз адабиятынын келечегин аныктаган Ч.Айтматов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Касымбеков, Б.Жакиев ж.б. сыяктуу кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар таланттар чыгаар?

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жыйырма жыл аралыгында басып өткөн байсалдуу жолунан өзүмө тиешелүү учурдан гана  азыноолак сөз кылдым. Мындан башка Доор, мезгил алмашып, Мамфонддун кызматкерлери чыгармачылык менен изденип  келатышат, менин соңумдан келген  ар бир жаңы жетекчи жаңылык киргизип, өз чыйырын калтырып кетүүгө умтулганы мени  өзгөчө кубандырат. Учурдан пайдаланып бул куттуу мекеменин кызматкерлерин чын ыкласымдан  20 жылдык мааракелик салтанаты менен куттуктап, иштеринин илгерлей беришин астейдил каалап кетем.

Печать