Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Без рубрики  / «ТЕХНОПАРК»  ИЛИМ-ТЕХНОЛОГИЯ БОРБОРУ

«ТЕХНОПАРК»  ИЛИМ-ТЕХНОЛОГИЯ БОРБОРУ

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгынын жана

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында!

 

 

 

«ТЕХНОПАРК»  ИЛИМ-ТЕХНОЛОГИЯ БОРБОРУ

         Азыркы учурда инновациялык, илимий-технологиялык коммерциялык ишкердикти ишке ашырууда технопарктардын салымы чоң болуп жатат. Бул макалада жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) технопарктардын пайда болушу, Кыргызстанда, анын ичинде Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) «Технопарк» Илим-технология 

борбору («Технопарк» ИТБ) тууралуу кыскача маалымат беребиз.

         Дүйнөдөгү алгачкы технопарк АКШда, 1950-жылы Стенфорд университетинде түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул университетте студенттердин саны тездик менен өсүп, каржылоодо маселе жаралат. Окуу жайдын абдан чоң жер аянты (32 кв. км) болсо да, аны сатууга мүмкүн болбойт. Мындай кырдаалда инженердик факультеттин деканы, проф. Фредерик Терман уш

ул бош жаткан жерлерди жана имараттарды ири технологиялык компанияларга офис курууга арендага берүүнү сунуштайт. Бул ишти закон    ченемдүү аягына жеткирүү үчүн 30 жылдай убакыт кетсе дагы, ал жемишин берип, бардыгы үчүн пайдалуу болгон. Университет акчалуу гана болбостон, арзан баада  компанияларга жерлерин, имарат, жабдууларын берип, алар менен бирге илимий же технологиялык парктарды түзүп, аларга университеттин мыкты студенттерин ишке тартат. Баарына белгилүү “Хьюлетт-Паккард”, “Поляроид” деген фирмалар па

йда болуп жана атактуу «Кремний (Силикон) өрөөнү» деп аталган компаниялардын негизин дагы ушул технопарк түзгөнү буга жетиштүү далил.

         Америкалык ийгиликтүү тажрыйба адегенде Европанын, кийин дүйнөнүн башка алдыңкы өлкөлөрүнө  тез эле жайыла

т. 1970-жылдан баштап Европанын алдыңкы ЖОЖдорунда бир катар технопарктар пайда болот: мисалы, 1970-жылы Тринити коллежинде Кембридж илимий паркы (Англия), 1971-жылы Лувен университетинин илимий паркы (Бельгия), 1972-жылы София-Антиполис университетинин изилдөө паркы (Франция), 1982-жылы Кельн технопаркы (Германия) ж.б.

         В 1970-80-жылдары технопарктар Канадада, Сингапурда, Австралияда, Бразилияда, Индияда, Малайзияда, Кытайда жана Японияда түзүлөт. «Электрондук шаар» деп аталган Индиянын биринчи технопаркы 1970-жылдын аягында Бангалор шаарына жакын жерде, 1970-жылы Япониянын биринчи технопаркы, азыр дүйнөгө белгилүү Цукуба илим шаары, ал эми 1988-жылы Кытайдын биринчи технопаркы Хайдань районунда «Пекин эксперименталдык жаңы технологияларды өркүн-дөтүү зонасы» түзүлүп иштей баштап, азыр ири бизнес компаниялар болушту.  

         СССРде Академшаарчасы 1956-жылы Новосибирскиде курулуп, ал белгилүү даражада технопарк түрүндө болгон. КМШда биринчи жолу Россияда 1990-жылы «Томск илимий-технологиялык паркы», 1993-жылы Белоруссияда «Могилев техно-паркы», 1999-жылдан башта

п Украинада, ал эми Казакстанда 2003-жылы Президенттин жарлыгы менен «Информациялык технологиялар паркы» түзүлгөн.   

         Өткөн тарыхыбызга кайрылсак, Кыргызстанда дагы 1988-жылы эле техно-парк үлгүсүндөгү Кыргыз ССР ИАнын «Импульс» Илимий-инженердик борбору түзүлүп (илимий жетекчи, академик О.Д.Алимов), «Аскатеш» фирмалык аты менен бир катар тоо-кен, к

урулуш машиналарын жаратып, алардын Кыргызстан гана эмес, СССРдин бир нече ишканаларына ишке киргизилгенин азыр чоң сыймыктануу менен айта алабыз. Учурда анын базасында Машине таануу илимий институту ийгиликтүү иштеп жатат, КР УИАнын алгачкы технопаркы ушул жерде ачылганы жатат (жетекчилери академик М.С.Жуматаев, проф. Б.С.Султаналиев).

         Азыркы мезгилде дээрлик бардык өлкөлөрдө алтынчы технологиялык өндүрүш жолуна өтүү процесстери жүрүп жатат жана өнүккөн мамлекеттердин ИДПсынын (ВВП) 50-90%ы жогорку технологиялардан алынып жатат. Мындай инновациялык-технологиялык өнүгүүдө технопарктардын ролу өсүп жатат. Учурда, дүйнө жүзүндө, экономиканын дээрлик бардык тармактарын камтыган 2500 дөн ашык технопарктар иштейт. Аларды КМШ мамлекеттеринде – техно-логиялык (технопарк), АКШда – изилдөөчү, Англияда – илимий, Кытайда – илимий-өндүрүштүк парктар деп аташат. Технопарктын түрлөрү бир нече, түзүлүш моделдери боюнча америкалык (АКШ, Англия), япондук (Япония) жана аралаш (Франция, ФРГ ж.б.) моделдеги деп айырмалашат. Азыркы мез-гилде 4 модели иштейт: университеттик технопарк, регионалдык тармактык технопарк – технополис, технологиялык бизнес-инкубатор жана виртуалдык технопарк (Интернет-технопарктар бирикмеси). Кандай моделде же түрдө бол-

босун технопарктардын жалпы окшоштугу булар: негизги функциясы – техно-логияларды иштеп чыгуучулар менен керектө

өчүлөргө ортомчу болуу (рези-денттер менен иш алып баруу); өз алдынча юридикалык жак болуп, территория-га, өнүккөн инфраструктурага жана бизнести жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына, а.и. жеңилдетилген шарттарга ээ болуу (бажы, салык, каттоо, өндүрүш жайла-ры, жабдууларды арендага берүү жана сатып алуу ж.б. ыңгайлары).  

         КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 2017-жылы ЖОЖдордо технопарктарды түзүү боюнча республикалык конкурс уюштуруп, анын жыйынтыгында алдың-кы 3 университет жеңип чыгышты. Конкурсту Кыргызпатенттин ошол учурда-гы жетекчиси Д.А.Эсеналиев демилгелеп, бардык уюштуруу иштерин алып барышты. 2018-жылы 27-апрелде КРнын  Мамлекеттик резиденциясында салтанаттуу чоң жыйында технопаркты түзүү үчүн гранттын 

сертификаттарын КРнын Вице-премьер-министри А.С.Өмүрбекова жана Кыргызпатенттин Төрагасы милдетин аткаруучу С.Ш.Байзаков университет жетекчилерине жана долбоорлордун авторлоруна тапшырышты: 

Н.Исанов атындагы КМКТАУга – 2 млн. сом, И.Раззаков атындагы КМТУга – 1,9 млн. сом жана А.М.Адышев атындагы ОшТУга  – 1,9 млн. сом.       

Кыргызпатент грант алуучу университеттер менен технопаркты уюштуруп ачуу тууралуу келишимдерди түзүп, азыр бул багытта иштер жүрүп жатат.

         Технопаркты уюштуруу маселесине олуттуу көңүл бурган Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жетекчилиги жана активдүү окумуштуулары «Технопарк» Илим-технология борбору Мамлекеттик ишканасы» аталыштагы чакан борборду 1996-ж. эле Кыргызстанда алгачкылардан болуп уюштурушат. Университеттеги айрым өзгөрүүлөргө жараша ал 1999-жылы жана 2016-жылы кайра катталган.  Чакан 

инновациялык ишкананы Университет өз күчү менен түптөп, өзү каржылап иштетип келе жатат, бул үчүн мурдагы жана азыркы ректор профессор А.А.Абдыкалыковго  ыраазычылык билдиребиз. Биздин Технопарк дагы өркүндөтүүгө муктаж, ошондуктан Кыргызпатент уюштуруп, каржылап жаткан конкурс биз үчүн жана жалпы эле Кыргызстандын инновациялык өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ.

Биз гранттык каражаттарды жаңы заманбап приборлорду жана жабдууларды сатып алуу-га иштетүүнү пландаштырып жатабыз. 

         Конкурстук бизнес-планда жана биз-дин Уставда жазылгандай КМКТАУда «Технопарк» ИТБны түзүүнүн негизги максаты – бул Университеттин институттары менен кафедралардын, бизге өнөктөш болуучу ишканалардын, айрым чыгармачыл ишкерлердин илим-изил-дөө, тажрыйба-конструктордук же инновациялык иштеп чыгууларын, мыкты идеяларын жана долбоорлорун коммерциялаштырууга, өндүрүшкө жайылтып ишке киргизүүгө жардам берүү.

         Гранттык каражаттарды алуу келишими боюнча Университет грант сум-масынын 30% нан кем эмес өздүк кошумча каражатын жана 200 кв.м ден кем эмес офистик кабинет, лабораториялык жайларды жаңы түзүп жаткан Техно-паркка бөлүп берүүсү шартталган. Азыркы учурда КМКТАУнун ректораты 3 штаттык кызматкерлерге айлык акы төлөп берип жатат жана 4 кабинеттерди

офистик мебели, интернетке туташкан компьютерлери менен бөлүп берди.

         Биздин Н.Исанов атындагы КМКТАУнун, анын алдында ачылып иштеп жаткан Технопарктын кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жалпы эле окурмандарга жана биз менен иштешүүнү каалаган өнөктөштөргө билдиргибиз келет. Жыл сайын «Технопарк» ИТБ аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уюмдар ж.б. мамлекеттик эмес ишканалар,  чет элдик грант берүүчү фонддор менен келишимдер түзүлүп, архитектура, дизайн, курулуш, транспорт, информациялык технологиялар ж.б. багыттарда  иштер аткарылат. Келишимдердин негизин илим-изилдөө, геодезиялык изилдөө-долбоорлоо, башкы планды иштеп чыгуу, конструкторлук иштеп чыгуулар, имараттар, көпүрөлөр ж.б. ар кандай курулуш объектилеринин долбоорун жасоо жана алардын физикалык абалын, сейсмотуруктуулугун изилдеп жана тастыктама берүү, суу, газ, жылуулук менен камсыздоо, агын жана саркынды сууларды жөндөө (канализация) системаларынын долбоор-сметалык иштерин аткаруу, жол, курулуш машиналары, таш көмүрдү кайра иштетүү, жергиликтүү чийки заттардан, өндүрүш калдыктарынан  курулуш материалдарын жана конструктивдик элементтерди жасап чыгуу, алардын физика-механикалык сапатын текшерип тастыктама берүү, жумушчу кесиптерге даярдоо, адистердин билимин жогорулатуу курстарын уюштуруу ж.б. иштер түзүшү мүмкүн.

         Бул үчүн бизде аталган иштерди аткарууга укук берүүчү атайын лицен-зиябыз жана тиешелүү сертификаттарыбы

з (120 дан ашык адис), жогорку квалификациялуу окумуштуу-инженердик кадрлар (700 адистер, а.и. 35 илим докторлору, профессорлор, 200 гө жакын илим кандидаттары, доценттер), 49 адистешкен окуу-изилдөө лабораториялары, Кыргызстанда болгон жалгыз изилдөөчү сейсмоплатформа, 42 мультимедиа класстары ж.б. жабдуулар бар.

         Технопарк айрым жылдарда 5-6 млн. сомго чейин, ал эми үстүбүздөгү жылы 1 млн. сомго чейинки келишимдик иштерди аткарып жатат.

 

                              Р.А.Мендекеев, техника илимдеринин доктору, профессор,

КР ИАнын академиги,

         КМКТАУнун “Технопарк” ИТБ жана “СТ” ИИИ  директору

Печать