Search:

(Русский) Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК МАМЛЕКЕТТИК ФОНДГО 20 ЖЫЛ!

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК МАМЛЕКЕТТИК ФОНДГО 20 ЖЫЛ!

11-декабрда, Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай,   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду  20 жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо максатында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде конференция өткөздү.

Салтанаттуу жыйынды Кыргызпатенттин төрайымы Д. Молдошева ачып: “20 жыл ичинде Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду авторлорго, ойлоп табуучуларга, окумуштууларга, маданият жана искусство ишмерлерине каржылык жардам, уюштуруучулук, маалыматтык колдоо көрсөтүп, алардын эмгектеринин жарыяланышына, илимий конференциялардын, семинарлардын өткөрүлүшүнө, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ишканаларга патенттик маалыматтын жеткиликтүү болушуна, балдар техникалык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, баштапкы техникалык билим берүү ийримдеринин түзүлүп, кайра жандандырылышына, илимий-техникалык олимпиадалардын, сынактардын өткөрүлүшүнө салымын кошуп келет.

20 жылдык талыкпас эмгектин натыйжасында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучуларга, авторлорго, маданият жана искусство ишмерлерине 15 миллион сомдон ашык каржылык жардам көрсөттү. Ошондой эле бир катар жаштарга арналган долбоорлорду ишке ашырды. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин “Жети жаш автор”, “Саамалык” жана “Элеттик акын-жазуучу” долбоору уланууда. Алардын алкагында 62 жаш автордун китептери жарык көрдү, миңдеген жаш калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтоштурулуп, 14 жылдан бери “Саамалык” альманахы жарык көрүүдө. Мунун өзү чыгармачылыкты өбөлгөлөөнүн эң айкын мисалы, – деп баса белгиледи куттуктоо сөзүндө.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Ч. Жаныкеева: “Быйыл Кыргызпатенттин түзүлгөнүнө 25 жыл, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондго 20 жыл! Мунун өзү символикалуу! Бул эки мекеме Интеллектуалдык менчик ээлери болгон – ойлоп табуучуларга, авторлорго, сүрөтчүлөргө, дегеле чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүп келери жалпыга маалым.

         Мен мына ушул жерден, улуу калемгер агабыз Чыңгыз Айтматовдун  90 жылдык мааракеси менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун 20 жылдык мааракеси тушташ келип отурушунун өзү да жөн эле дал келүүчүлүк эмес деп айтар элем. Кыргыз элинин, кыргызстандыктардын мактанычы жана сыймыгы болгон залкар жазуучунун чыгармачылыгы жер шарына даңаза болуп турган чакта, дал ошол улуу калемгердин мекенинде чыгармачылык процесс кандай өтүүдө деп дүйнө жүзү да көз салып турганы ачык. Айтматов агабыз бир гана кыргыз эли эмес, дүйнө элине чыгармачылыктын эң мыкты үлгүсүн көрсөткөн алп жазуучу. Биз муну менен сыймыктанабыз жана учугун улай турган жаштардын чыгышынан үмүт этебиз, – деген куттуктоосун айтуу менен иш-чаранын уюштуруучуларынын ишине ийгилик каалап кетти.

-Бүгүнкү күндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жыл ичинде жасаган иштерин бирден санап кетүү кыйын. Алсак, жаш ойлоп табуулардын сынактарын уюштуруп, көкүрөгүндөгү шыгы эми гана бүчүр байлап келе жаткан балдардын чыгармачылыгынын көмүскөдө калуусуна жол бербей, жер-жерлерде баштапкы техникалык ийримдерди ачып келет.

Ошол эле учурда жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын өркүндөтүп, кыргыздын улуттук көркөм сүрөт өнөрүнө жаңыча жол чаап кетүүсүнө көмөк көрсөтүп жатканы талашсыз. Андан сырткары республикабыздагы жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө институттарынын, ишканалардын базасында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ишканаларга, окумуштууларга дүйнөлүк алдыңкы технологияларга, патенттик маалыматка жетүүсүн жеңилдетүү максатында 2010-жылдан тартып республикабыздын көптөгөн жогорку окуу жайларында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун 28 филиалы ачылып, иш алып барууда, – деди өз кезегинде  интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун аткаруучу директору У. Сыдыков. Ошондой эле У. Сыдыков Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун 20 жылдыгы Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын жана КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өтүп жатканын белгилей кетти.

Конференциянын жүрүшүндө салтанаттуу түрдө интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен бул тармакта чоң ийгиликке жетишкендиги жана чыгармачылыкка зор салым кошкондугу үчүн “Айтматов ааламы” көргөзмө-сынактын жеңүүчүсү, жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Замир Илипов сыйланды. Белгилей кетсек,  Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун биринчи Алтын медалы “Чыгармачылыктагы жетишкендиги үчүн” Ч. Айтматовго ыйгарылган.

Ошондой эле Интеллектуалдык менчик мамлекеттин фонддун өнөктөштөрү Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Конференцияга Кыргызпатенттин мурдагы жетекчиси, техника илимдеринин доктору, профессор Р. Оморов, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун экс-аткаруучу директору М. Ааматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, чыгармачыл союздардын өкүлдөрү, КР эмгек сиңирген ойлоп табуучулары  Э. Абдраимов, В. Н. Шипилов, окумуштуулар,  Ош, Нарын, Ысык- Көл аймактык балдар билим берүү жана техникалык-чыгармачылык борборлорунун жетекчилери Н. И. Рогова, М. Бейшеева, “Алтын түйн” балдар инженердик академиясынын директору Ж. Бапанова, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун аймактык координаторлору  Н. Калдыбаев, А. Карбекова, Л. И. Гуркина ж.б. катышты.

Иш-чаранын алкагында салттуу билимдерди алып жүрүүчү А. Асангулова элечек ороо боюнча мастер-класс көрсөтсө,  балдар техникалык-чыгармачылык менен жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү, Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиянын окуучуларынын Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган чакан сахналаштыруусу көркүнө чыгарды.

Печать