Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Жогорку класстын окуучулары үчүн эл аралык олимпиада!

Жогорку класстын окуучулары үчүн эл аралык олимпиада!

Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы 2019-жылдын 30-апрелине чейин интеллектуалдык менчик боюнча Эл аралык олимпиада өткөрүүдө.

Олимпиадага 14-18 жаштагы  Көз карандысыз  мамлекеттеринин шериктештиги (КМШ), Россия Федерациясынын, Балтия, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн экономиканы, интеллектуалдык менчиктин укугун коргоого, аны башкарууга жана өнүктүрүүгө кызыккан мектеп окуучулары катыша алат.

Жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылып, Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясына акысыз окууга жолдомо берилет.

Мындан сырткары мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундарды 2019-жылы Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жаткан “Интеллектуалдык менчик окуучулардын көзү менен” жана  “Жогорку класстын окуучулары үчүн  “Интеллектуалдык менчик боюнча олимпиада” долбооруна катышууга чакырабыз.

Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт!

Толук маалыматты Кыргызпатенттин (www.patent.kg), интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (fund.patent.kg), РГАИС (olimpiada.rgiis.ru) сайтынан же Түлөбердиева Д. М., элек.дарек: damira.tuloberdi@patent.kg; Акжол Доранбек уулу элек.дарек: d.akjol@patent.kg аркылуу алсаңыздар болот.

Маалымдама: Россия интелектуалдык менчик федералдык кызматы жана  Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү жана  алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын  арттыруу максатында жыл сайын  “Интеллектуалдык менчик” боюнча эл аралык олимпиада уюштуруп келет.

 

Байланыш телефондор (0770) 98-98-08, (0770) 98-98-38

 

Олимпиада жөнүндө маалымат 

Печать