Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Акысыз робототехника ийрими ачылат

Акысыз робототехника ийрими ачылат

Акысыз робототехника ийрими ачылат

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» жөнүндө Жарлыгына ылайык, 2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) патентик-техникалык китепкананын базасында өспүрүмдөр үчүн акысыз робототехника ийримин ачмакчы.

Максаты – окуучулардын техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу процессинде педагогдордун робототехника боюнча билимдерин өркүндөтүү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 боюнча роботторду программалаштыруу жана жыйноо мастер-класстары өткөрүлөт.

Ошондой эле көрүүсү жана угуусу начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү тууралуу Марракеш келишимине ылайык, «Азиздер жана дүлөйлөр» коомуна жардам иретинде жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын жайылтуу максатында Кыргызпатенттен чыккан 42 китептин электрондук варианты белекке берилет.

Ийримдин ачылышына мектеп окуучулар жана окутуучулар, робототехника боюнча адистер катышмакчы.

Бардык балдар жана ата-энелер үчүн эшик ачык, келип, жеринен көрүп ийримге жазылгыла!

 

Байланыш телефондор (0700) 84-83-29, (0772) 84-83-29

 

Печать