Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада робототехника ийрими ачылды

Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада робототехника ийрими ачылды

2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы патентик-техникалык китепканада мектеп курагындагы балдар үчүн  робототехника ийрими ачылды.

Максаты – окуучулардын техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу процессинде педагогдордун робототехника боюнча билимдерин өркүндөтүү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүсү жана угуусу начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү тууралуу Марракеш келишимине ылайык, «Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун” коомдук бирикмесинин республикалык китепканасына, азиздер жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатына жардам иретинде жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын жайылтуу максатында Кыргызпатенттен чыккан 42 китептин электрондук варианты, Москва шаарынан алынып келинген китептер белекке берилди.

Мындан сырткары LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 боюнча роботторду программалаштыруу жана жыйноо мастер-класстары өткөрүлүп, балдардын зор кызыгуусун туудурду.

Ошондой эле Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директору А. Шаршенбаева менен “РобоСкай” жоопкерчилиги чектелген коомдун маркетологу Жазгүл Куленбекова кызматташуу жөнүндө Меморандумга жана Келишимге кол коюшту.

Иш-чара балдар жана өспүрүмдөр «Сейтек» улуттук борборунун бий тобу, комуз күүсү,  балдар техникалык чыгармачылык көргөзмөсү менен коштолду.  

Ийримдин ачылышына “РобоСкай” ЖЧКнын маркетологу Ж. Куленбекова, робототехника боюнча адистер, «Азиздер жана дүлөйлөр коомунун” коомдук бирикмесинин республикалык китепканасынын директору Ж. Исмаилов, азиздер жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатынын профсоюз комитетинин төрайымы Н. Иязанова,  Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча менен Беш-Күнгөй айылдарынын мектеп окуучулары жана мугалимдер, жалпысынан 80 ден ашуун адам катышты.

Бул иш-чара ММКдын ичинен КТРК, СТВ, ЭлТР телекөрсөтүүлөрүнө, КыргызРадио уктуруусуна, Эркин-Тоо, Акипресс, Апрель, Кыргызрадиосу сайттарына, Мегополис республикалык газетасына чагылдырылды.

Печать