Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Без рубрики  / Жаш калемгерлердин китептери жарык көрдү

Жаш калемгерлердин китептери жарык көрдү

2019-жылдын 20-февралында Эл аралык эне тил күнүнө карата мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы  (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан  жарык көргөн жаш калемгерлердин чыгармаларынын топтому “Саамалык – 14″ жана “Жети жаш автордун” китептеринин бет ачар аземи болуп өттү.

            Кезектеги “Саамалык” жана “Жети жаш автордун” чыгармаларын  чыгаруунун негизги максаты – жаш авторлордун чыгармачылыгын колдоп,  тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү жана шык-эргүү берүү болуп саналат.

Бул боюнча Кыргызпатенттин статс-катчысы Т. Абдыкадыров: “Кыргыз адабиятынын уучу куру эмес экенине, болочок акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары бүгүн Кыргызпатент тарабынан тушоосу кесилип, тырмак алды эмгектери жарыяланып жатканына абдан ыраазы болуп жатабыз. Жаш авторлорду колдоо мындан ары да улана берет”, – деп изги ой-тилегин билдирүү менен иш-чараны ачып берди.

Ал эми Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аткаруучу директору У. Сыдыков өзүнүн сөзүндө мекеменин негизги максат-милдеттеринин бири чыгармачыл адамдарга дем-шык берүү, көмөктөшүү болуп саналарын, ал үчүн бүгүнкү күндө атайы долбоорлор, анын ичинде “Саамалык” менен “Жети жаш автор” 2000-жылдан бери ишке ашырылып келерин айтып өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н. Калыбеков куттуктоо сөзүндө табият тартуулаган шык-жөндөмдөрүн кагаз бетине түшүрүп, жарыкка чыгара албай жүргөн жаш калемгерлерге Кыргызпатенттин колдоосу менен китептеринин чыгышы – алар үчүн чыгармачылык эргүү берип, такшалган акын-жазуучу болоруна чоң шарт түзөрүн баса белгилеп кетти.        

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгилик каалоо менен  Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери тарабынан даярдалган театралдык постановка көрсөтүлдү.

“Саамалык –14” адабий топтомуна республикабыздын бардык аймагынан: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас областтарындагы, ошондой эле Россия Федерациясында эмгектенген жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын, жалпысынан 87 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары камтылган.

Ошондой эле “Жети жаш автор” долбоорунда Нускат Манкушева “Сүйүү багы”, Кымкарбек кызы Гүлайым “Жыйырма бешинчи жаз”, Алымкул Маликеев “Сүйүү тамчылары”, Айжамал Качкынбаева “Башат”, Чынара Абдраева “Шейиттер үнү”, Бекмамат Аргымбаев “Чыйыр”, Кадырбек Аблабеков “Аскердеги толгонуу”  жана Кайырбек кызы Нагиманын “Сирень” китептери жарык көрдү.

Китептердин бет ачарына КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын-жазуучу, коомдук ишмер Салия Айдарова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик улуттук тил комиссиясынын кызматкери Айзаратбек Эсенов,   адабий клубдардын жетекчи-мүчөлөрү, жаш авторлор катышты.

Печать