Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Жаш муундун интеллектуалдык менчикке кызыгуусу күч

Жаш муундун интеллектуалдык менчикке кызыгуусу күч

Жаш муундун интеллектуалдык менчикке кызыгуусу күч

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкерлери “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучуларына класстык саат өткөзүштү.

Бул иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду интеллектуалдык менчикке кызыгууларын жогорулатуу жана билимдерин арттыруу, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.

Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Д. Түлөбердиева жогоруда аталган мектептин окуучуларына “Интеллектуалдык менчик деген эмне?” деген суроонун тегерегинде кеңири түшүнүк берип кетсе, автордук укук объектилерин каттооо секторунун адиси Г. Баймонолова автордук укуктун объектилери боюнча, ал эми Доранбек уулу Акжол интеллектуалдык менчик мамлекетик фонддун ишмердүүлүгү боюнча презентациялары менен   кызыктуу маалымат берип, көнүлүн өздөрүнө бурушту.

Ошондой эле “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин генералдык директору Г. Дайырбекова өзүнүн сөзүндө, автордук укук жана анын объектилери, интеллектуалдык менчик жөнүндө маалыматтар окуучулар үчүн абдан керектигин жана класстык саат абдан кызыктуу болгонун айтып, Кыргызпатенттин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин китепканасына Кыргызпатенттин колдоосу менен жарык көргөн китептер белекке тартууланып, мындан ары дагы кызматташуулар уланыла берилери баса белгиленди.

Печать