Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Кыргызпатенттин ачык эшиктер күнү

Кыргызпатенттин ачык эшиктер күнү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 2019-жылдын 19-мартында мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын базасында мектеп окуучулары жана студенттер үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнүн максаты – келечек муундарга интеллектуалдык менчик жөнүндө маалыматтандыруу, жаштардын көңүлүн инновациялык багытта билим алууга буруу, техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргыз орус-славян университетинин, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенттери жана борбор калаанын №69-мектеп-гимназиясынын окуучулары катышты. Иш-чара башталар алдында студенттер үчүн патенттик жана патенттик эмес маалыматтарды издөө боюнча практикалык чаралар, Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү туурасындагы видео тасма көрсөтүлдү. Кыргызпатенттин статс-катчысы Конокбаев Талант Абдыкадырович Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик тармагынын абалы, анын тарыхы жана өнүгүшү тууралуу баяндап берсе, БДИМУнун Алтын медалынын ээси,
КОСУнун профессору, техника илимдеринин доктору Сагын Жекишева интеллектуалдык менчиктин эртеңи тууралуу кеп козгоп, келечек муунга өзүнүн кеп кеңештерин айтып өттү.Ал эми Кыргызпатенттин төмөнкү кызматкерлери интеллектуалдык менчиктин ар кайсы багыттары боюнча атайын баяндамалды тартуулашты:
– Шаршембаева Э.М. “Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы”;
– Садыкова Ж.Ж. “Автордук укук объектилери”;
– Кармышева М.Ж. “Кыргыздардын салттуу билимдери”;
– Казакбаева А.М. “Ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер”;
– Апазова А.Ж. “Кыргыз Республикасынын товардык белгилери”.
Жыйынтыгында лекторлор менен окуучу-студенттердин ортосунда
суроо-жооптор орун алып, китепканага экскурция жасалып, жаш сүрөтчү Калия Төлөмүшова жана жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин жаш таланттарынын чыгармаларынан турган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту. Иш-чара Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы тарабынан уюштурулду.

Печать