Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Көңүл буруңуздар, жогорку класстын окуучулары үчүн республикалык Олимпиада!

Көңүл буруңуздар, жогорку класстын окуучулары үчүн республикалык Олимпиада!

Көңүл буруңуздар, жогорку класстын окуучулары үчүн

республикалык Олимпиада!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (КЫРГЫЗПАТЕНТ) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН “ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК
МЕНЧИК БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА” уюштурууда.

Олимпиада 2 баскыч менен өткөрүлүп (регионалдык жана республикалык), ага 15-17 жаштагы жалпы орто мектептин окуучулары жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катыша алышат. 

1-тур республиканын областтарында, шаарларында жана райондорунда 2019-жылдын 20-мартынан 20-майына чейин өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен “Мыкты эссе” жана “Ойлоп табуу” номинациялары боюнча жеңүүчү деп табылган окуучулар, студенттер өз иштерин 20-майга чейин fund@patent.kg электрондук дарегине же Бишкек шаары, 720020, Москва көчөсү 62 дарегине жөнөтүү керек. 

Жеңүүчүлөргө Кыргызпатенттин грамотасы жана баалуу белектер тапшырылат.

Толук маалыматты, олимпиаданын Жобосун patent.kg жана fund.patent.kg сайтарынан, же

(0312) 68 04 71, (0770) 98-98-08, (0700) 84-83-29 телефондору аркылуу байланышып билүүгө болот.

Сынактын жобосу

Печать