Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Кыргызстандагы эл аралык китеп жана автордук укук күнүндө

Кыргызстандагы эл аралык китеп жана автордук укук күнүндө

Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган жумалыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият жана маалымат министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Китеп окуган бала – өнүккөн Кыргызстан” аталышындагы иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын ачылышында Маданият жана маалымат министринин орун басыры Нуржигит Кадырбеков, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Талант Конокбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын USAID миссиясынын директору Гэри Линден балдардын билимин дайыма өнүктүрүү керектигин белгилешти. Мындан сырткары алар Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө каалоо-тилек айтуу менен бирге жаштарды китеп окууга жана сыйлоого чакырышты.
Кыргызпатент тарабынан Аламүдүн жана Панфилов райондук борборлоштурулган китепкананын ар бирине китеп фондун толуктоого 181 даанадан китеп белекке берилди.
Эл аралык китеп жана автордук укук күнүн белгилөө менен мамлекеттин маданиятын жайылтуу жана аны сактоодогу китептин ролуна өзгөчө көңүл бөлүндү. Китеп – адамзатынын руханий байлыгын толтуруп, маданиятыбызды сактоодо жана аны өнүктүрүүдө чоң орду бар эмеспи.
Кыргызпатенттин көргөзмө бөлүмүндө иш-чаранын катышуучулары үчүн МПТКнын «Автордук укук», «Техникалык чыгармачылык жана ойлоп табуу», «Кыргызстан», «Архитектура жана дизайн» темасындагы көргөзмөлөрү, ИМ МФнун робототехника, сүрөт тартуу, сайма саюу жана чий куурчак жасоо боюнча мастер класстар өткөрүлүп, жеткинчектер үчүн сынак-викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жомок китептер жана таттуулар белекке тартууланды.
Иш-чарага Кыргызпатенттин, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын кызматкерлери катышты.

Печать