Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Мектепте интеллектуалдык менчик боюнча класстык саат өткөрүлдү

Мектепте интеллектуалдык менчик боюнча класстык саат өткөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери республикабыздагы балдарга билим берүү жагынан күчтүү мектептердин бири болгон борбор калаабыздагы Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын окуучулары үчүн класстык саат өткөзүштү. Бул иш-чара жаш муундардын интеллектуалдык менчикке кызыгууларын жогорулатуу, чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, интеллектуалдык менчик боюнча пикир алмашууга багытталган.

Иш-чараны жогоруда аталган гимназиянын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Р. Байшериева ачып, өзүнүн сөзүндө  Кыргызпатент көп жылдан берки өнөктөштөрү экенин, бул ирет ИМ мамфонддун кызматкерлери окуучуларга интеллектуалдык менчик боюнча кенен-кесири маалымат берүү максатында класстык саат өткөзгөнү келгенин баса белгилеп кетти.

Жолугушуунун алкагында ИМ мамфонддун кызматкерлери Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү чагылдырылган видеофильмди көрсөтүүдөн башташты. Андан кийин Акун кызы Динара ИМ мамфонддун балдар жана жаштарга арналган долбоорлору, иш-чаралары боюнча айтып берди. Ошондой эле Д. Түлөбердиева интеллектуалдык менчиктин негиздери жөнүндө презентация жасоо менен бирге окуучуларга патент деген эмне, автордук укук, Кыргызстандагы ойлоп табуулар жөнүндө айтып берип, келечекте кесипти тандоодо олуттуу мамиле кылууну сунуштады.  Балдар өз кезегинде баарлашууга активдүү катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жыйынтыгында бул билим берүү мекемесинин китепканасына Кыргызпатенттин колдоосу менен жарык көргөн китептер белекке тартууланды.

Иш-чарага Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын мугалимдери менен 60 тан ашык окуучулар катышты.

Печать