Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Республикалык Олимпиаданын I турунун жыйынтыгы чыкты!

Республикалык Олимпиаданын I турунун жыйынтыгы чыкты!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын  (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурган жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Республикалык Олимпиаданын I турунун жыйынтыгы чыкты.       Эске сала кетсек,  аймактардагы таланттуу окуучуларды жана жаштарды аныктап, чыгармачылык ишке тартууга арналган бул республикалык олимпиаданы өткөзүү үчүн областтык, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарына, балдар билим берүү жана чыгармачылык борборлоруна маалыматтар жөнөтүлгөн. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 20-майына чейин созулган.

Бул Олимпиадага мектеп окуучуларынан “Мыкты эссе” номинациясы боюнча 29 иш,  “Ойлоп табуу” номинациясынан 46 иш келип түштү. Иштердин бардыгы катталып, I турдун катышуучуларын  аныктоо үчүн ачык-айкын, калыстык жана акыйкат кароо максатында авторлордун атын-жөнү, мектеби жана аймагы көрсөтүлбөстөн, ар бирине атайы номер коюлган. Уюштуруу тобу келип түшкөн иштерде Интернет ресурстары жана башка адабияттарды колдонууга карата плагиаттык боюнча текшерүү жүргүзүшүп, талдоодон өткөзгөндөн кийин гана Эксперттик кеңеш-калыстар тобуна жөнөткөн.

Эксперттик кеңеш-калыстар тобу иштерди кылдаттык менен карап чыгышып, айрымдары интернет ресурстарын жана башка булактардан алынганын белгилешти. Ошондой эле кишини ойлонтуп, өзүнө тарткан кызыктуу иштер бар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында Эксперттик кеңеш-калыстар тобунун баалоосу менен эң көп упай топтогон төмөндөгү окуучулар Олимпиаданын   II туруна катышсын деп табылды.

“Мыкты эссе” номинациясы боюнча:

  1. Кубатова Жибек (Талас областы, Талас райондук балдарга билим берүү борбору) – 88,3 упай;
  2. Байышбекова Жаннат (Талас областы, Талас райондук балдарга билим берүү борбору) – 87,6 упай;
  3. Эргешова Анара, (Ош шаары, ОшТУ алдындагы мектеп-лицей) – 81, 6 упай;
  4. Турсунбаева Бермет, Ош областы, Өзгөн району – 79,9 упай;
  5. Эсенбек уулу Аман (Нарын областы, Нарын району) – 78,0 упай;
  6. Бактыбекова Элнуру (Талас областы, Талас райондук балдарга билим берүү борбору) – 71,1 упай;
  7. Байсеитова Жеңишкүл, Уркасымова Керемет (Ысык-Көл областы, Түп району, Карымшаков орто мектеби) – 68,7 упай;
  8. Абдылдаева Уулжан, Жумагулова Мээрим, Асташова Кира (Ысык-Көл областы, Түп району, Кутургу айылы, К. Усенбеков мектеби) – 68,2 упай;
  9. Оморов Жаныбек (Ош шаары, Мээрим балдар чыгармачылык борбору) – 67,2 упай;
  10. Жумабекова Диана (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Киров атындагы орто мектеби) – 67,0 упай;
  11. Лукашова Валерия (Чүй областы, Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча мектеби) – 66,2 упай;
  12. Ишен кызы Нурай (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Д. Туратбеков орто мектеби) – 63,4 упай;

 

“Ойлоп табуу” номинациясы боюнча:

            1 Алиев Аят Эльбрусович, Именова Аделя, Папушин Инар, Постильоне Кьяра (Бишкек шаары, №65 Эколого-экономикалык лицей) – 79,1 упай;

  1. Шувалов Семён (Ысык-Көл областы, Түп району, Мамырканов орто мектеби) – 75,1 упай;
  2. Данияров Мухамед-Али Даниярович (Ош областы, Өзгөн району, А. Тангатаров орто мектеби) – 70,0 упай;
  3. Турдубек уулу Алымбек (Нарын шаары, Балдар чыгармачылык борбору) – 67,0 упай;
  4. Шаршенбеков Бусурман Шаршенбекович (Нарын областы, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Э. Карасартов айылы орто мектеби) –  65,4 упай;
  5. Асанкадыров Билим Эмилович (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы) – 64,3 упай;
  6. Кожонова Айжамал, Тауханов Султан, Эсеналиев Эмир (Балыкчы шаары, №1

Л. Н. Толстой атындагы школа-гимназия) – 64,1 упай;

  1. Аскерова Айжанат (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы) – 63,7 упай;
  2. Челядник Никита (Ош шаары, “Мээрим” балдар чыгармачылык борбору) – 62,6) упай;
  3. Шамшиев Исламбек Абдуллаевич (Ош шаары, “Мээрим” балдар чыгармачылык борбору) – 62,0 упай;
  4. Эмильбек уулу Тилек (Нарын областы, Нарын району, Токтосунов орто мектеби) – (61,1) упай;
  5. Кулакматов Адилетсултан (Ош, шаары, №4 С. Киров атындагы орто мектеби – (61,1) упай;
  6. Шаршекова Сымбат (Ысык-Көл областы, Түп району, К. Усенбеков атындагы орто мектеби) – (61,0);
  7. Калмаков Бекболот (Ысык-Көл областы, Ак-Суу райондук балдар билим берүү борбору, Теплоключенка айылы) – 61,0 упай;
  8. Уланбеков Бекназар (Ысык-Көл областы, Ак-Суу райондук балдар билим берүү борбору, Теплоключенка айылы) – 59,9 упай;
  9. Челядник Ярослав (Ош шаары, “Мээрим” балдар чыгармачылык борбору) – 59,1 упай;
  10. Качкынбаев Ильгиз (Балыкчы шаары, №9 Н. К. Крупская атындагы орто мектеби) – 58,9 упай;
  11. Солтон уулу Рашид (Талас областы, Талас райондук балдар билим берүү борбору) – 58,7 упай;
  12. Ашымалиев Айдар, Каныбеков Султан (Балыкчы шаары, №9 Н. К. Крупская атындагы орто мектеби) – 58,3 упай;
  13. Кабылбек уулу Асылбек, Ибраев Самидин, Нурланов Бакыт (Балыкчы шаары, №4 мектеп-гимназиясы) –  57,1 упай.

        

Белгилей кетсек, жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Республикалык Олипиаданын II туру июнь айынын аяк ченинде өтмөкчү.

Печать