Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Жаш калемгерлер, көңүл буруңуздар!

Жаш калемгерлер, көңүл буруңуздар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик
жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) балдар жана жаштардын
чыгармачылыгына шык-дем берүү, андан ары өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү
максатында жаңыдан келеми төшөлүп келе жаткан жаш калемгерлердин
чыгармаларын жыл сайын жарык көрүүчү “Саамалык – 15” адабий альманахына
2019-жылдын 20-июнуна чейин топтоп жаткандыгын билдирет.
Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:
– Чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат;
– Альманахка эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана чыгарылат:
– Авторлордун жашы 35 жаштан ашпоого тийиш:
– Кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек:
– Альманахка жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт:

Материалдарды dinara_bii@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 (Ибраимов көчөсүнүн кесилиши, Кыргызпатент)
үй дарегине саат 10:00 – 18:00 гө чейин алып келип берсеңиздер болот. Ал эми толук маалыматты www.patent.kg жана fund.patent.kg сайттарынан таба аласыздар.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29,

Печать