Search:

(Русский) Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ / Новости  / Жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча I республикалык олимпиаданын жыйынтыгы чыкты

Жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча I республикалык олимпиаданын жыйынтыгы чыкты

29-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы мамлекеттик патенттик-техникалык китепканда жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча I республикалык олимпиаданын жыйынтыгы салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Олимпиадага республикабыздын бардык аймагынан катышып, “Мыкты эссе” жана “Ойлоп табуу” номинациясы боюнча 100дөн ашык чыгармачылык иш келип түшүп, анын ичинен 75 иш тандалып алынган, финалга чыкканы 32 иш болду.

I республикалык олимпиаданын салтанаттуу ачылышын Кыргызпатенттин төрайымы Д. Молдошева, калыстар тобунун төрагасы      У. Сыдыков ачып беришти. Алар олимпиаданын катышуучуларын куттуктап, финалистерге интеллектуалдык менчик боюнча кызыктуу маалыматтар баяндалган китеп, комикстерди жана баалуу белектерди тапшыруу менен чыгармачылык иштерине ийгилик каалап кетишти. Ошондой эле билим алып, өнөр-шыктарын өркүндөткөн окуучулардын балдарга билим берүү борборлорунун жетекчилерине ыраазычылык кат тапшырылды.

Бул олимпиаданы өткөзүүнүн максаты:

-жогорку класстын окуучуларынын ойлоп табуучулук жана изилдөөчүлүк аракетин колдоо;

-жаш муундун интеллектуалдык менчикке кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык менчик жаатында билимин жогорулатуу;

-Кыргызстандагы таланттуу жаштарды аныктоо, алардын интеллектуалдык менчик боюнча чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү.

Буга чейин республикалык деңгээлдеги жогорку класстын окуучулары үчүн Олимпиаданы адаттагы викторина-сынак катары өткөрүү жөнүндө алгач ойлор болуп келген эле. Бүгүн интеллектуалдык менчик – маанилүү продукт болуп калды, ансыз биздин өлкөнүн келечегин жана экономикасын элестете албайбыз. Ошондуктан бул экономиканы куруу үчүн жаңы иштелме, долбоорлорду, интеллектуалдык продуктуну сунуштаган инженер адистери, демилгечил жана чыгармачыл адамдар керек.

 

Олимпиаданын жыйынтыгын белгилүү ойлоп табуучулар,  көрүнүктүү акын-жазуучулар ж.б. тобу чыгарды. Жеңүүчүлөргө Кыргызпатенттин диплому жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

 

Дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен:

 

“Мыкты эссе” номинациясы боюнча

  1. Эсенбек уулу Аман, Нарын областынын Нарын шаары, М. Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
  2. Жумабаева Диана, Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Киров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
  3. Лукашова Валерия, Чүй областындагы Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

 

 

“Ойлоп табуу” номинациясы боюнча

  1. Данияров Мухамед-Али, Ош областындагы Өзгөн районунунА. Тангатаров орто мектебинин 9-классынын окуучусу;
  1. Алиев Аят Бишкек шаарынын №65 Эколого-экономикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу;
  2. Шаршекова Сымбат, Ысык-Көл областындагы Түп районунун К. Усенбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
  3. Качкынбаев Ильгиз, Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаарынын Н. К. Крупская атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу;

 

 

“Мыкты эссе” сынагы боюнча:

III орун Байышбекова Жаннат, Талас областындагы Талас райондук балдарга билим берүү борборунун 9-классынын окуучусу;

II орун Эргешова Анара, Ош шаары, Ош технологиялык университетинин алдындагы мектеп-лицейинин 8-классынын окуучусу;

I орун Жумагулова Мээрим, Ысык-Көл областындагы Түп районунун К. Усенбеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

 

 

“Ойлоп табуу” номинациясы боюнча:

III орун Челядник Никита, Ош шаарындагы “Мээрим” балдар чыгармачылык борборунун 11-классынын окуучусу;

II орун Асанкадыров Билим, Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун 10-классынын окуучусу;

I орун Эмильбек уулу Төлөбек, Нарын областындагы Нарын районунун Токтосунов орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

Бул иш-чараны өткөрүүгө “Шоро”, “Шин-Лайн”, “Коко-Кола” компаниялары, Фаст-Принт» «Улуу Тоолор» басмаканалары демөөрчүлүк кылышса, «Ала-Тоо» эл аралык университети менен «Айчүрөк” кыздар  лицейи окуучуларды жатакана менен камсыз кылып беришти.

 

 

 

 

Кыргыз экономикалык университеттин алдындагы колледждин окуучуларына арналган ачык эшиктер күнү

 

2019-жылдын 29-июнунда жогоруда аталган китеканада КЭУнун колледжинин студенттери үчүн “Ачык эшиктер күнү” болуп өттү. Иш-чаранын максаты – жаштарды билим алуу тармагында иновациялык багытта окууга тартуу, чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана интеллектуалдык менчик жөнүндө маалыматтарын арттыруу болуп саналат.

Бул күнү студенттер үчүн өзгөчө болду, себеби алар интеллеткуалдык менчик боюнча биринчи олимпиаданын өтүп жатканына күбө болушту. Студенттерге интеллектуалдык менчик системасы жөнүндө  презентация даярдалган, ошондой эле энергиянын альтернативдүү булактары тууралуу колледждин 2-курсунун студенти презентация жасады. Мындан сырткары студенттерге ойлоп табуучулардын чыгармачылыгы жана жашоосундагы таң калычтуу фактылар менен таанышууга мүмкүндүк берген китеп көргөзмө уюшулган.

Печать