Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Евразиялык патенттик уюмунун (ЕАПУ) “Келечекке көз караш” аттуу универсиадасынын жыйынтыгы чыгарылды

Евразиялык патенттик уюмунун (ЕАПУ) “Келечекке көз караш” аттуу универсиадасынын жыйынтыгы чыгарылды

Евразиялык патенттик уюму (ЕАПУ) тарабынан таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү жана алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында уюштурулган “Келечекке көз караш” аттуу Евразия патенттик универсиада жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) маалыматтандыруу жана уюштуруу компаниясынын арты менен Кыргызстандын атынан аталган универсиадага жалпы 11 студент жана мектеп окуучулары катышып, жыйынтыгында 10 жаштан 17 жашка чейинки жаштар арасында «Жомоктон – жашоого: таң калаарлык чечимдер” (“Из сказки – в жизнь: удивительные решения») номинациясы боюнча Бишкек шаарынын №65 – Эколого-экономикалык лицейинин окуучулары ПОСТИЛЬОНЕ КЬЯРА ДЖОРДЖИЕВНА (негизги проектин түзүүчүсү), АЯТ АЛИЕВ, АДЕЛЯ ИМЕНОВА, ИНАР ПАПУШИН «Школьный таймер» долбоору менен байгелүү орундун ээси болушту. Ушул эле номинация боюнча Ош шарындагы “Мээрим” билим берүү борборунун окуучусу АБДРАХМАНОВ СЫЙМЫК ТАГАЙБЕКОВИЧ «Волшебный камнерез «Электронагрев» долбоору менен дипломант аталды.
Ал эми 18-25 жаш курактагы арасындагы «Болочок жаштардын көзү менен: ойлогон ойдон патентке чейин» («Будущее глазами молодежи: от идеи до патента») номинациясы боюнча ОШ технологиялык университетинин студенттери ЭШАНКУЛОВ БЕКТУР МАМАДИЛЛАЕВИЧ жана БОЛБУРОВ БАЯСТАН МОЙДУНБЕКОВИЧ «Новая карьерная техника для добычи блоков природного камня» долбоору менен дипломант аталышты.
Универсиаданын байгелүү орундарынын ээлери Евразиялык патенттик ведоствонун «Взгляд в будущее» медалы менен сыйланышат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 9-сентябрь күнү Нур-Султан шаарында (Казахстан) өткөрүлөт.

https://www.eapo.org/ru/univers2019_results.html

Печать