Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Робототехника боюнча ийрим жетекчилерине сертификаттар тапшырылды

Робототехника боюнча ийрим жетекчилерине сертификаттар тапшырылды

     Бүгүн  Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду республикабыздын алыскы райондорунан келген ийрим жетекчилерине робототехника боюнча семинар-тренингдин 30 сааттык окутуусуна катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырды:

– Т. Иманбеков, Н. Тогузбаева (Ак-Суу району);

– Т. Суранов, Р. Мамытова (Кадамжай району);

– М. Рахматильдеев, М. Байдалиев, М. Рахманов (Талас району);

– М. Нарматалиев, Ш. Козибаев (Ош шаары).

Иш-чаранын жүрүшүндө ийрим жетекчилери робототехниканын бардык багыттары боюнча окутуудан өтүштү. “Технолэнд” билим берүу жана спорттук робототехника федерациясынын тажрыйбалуу мугалимдеринин жетекчилиги алдында семинар-тренингдин катышуучулары робототехниканын бөлүктөрүн кураштыруу, программа түзүү  программалаштыруунун негиздери боюнча түшүнүк алышты.

Ошондой эле ийрим жетекчилери робототехникалык конструкторлордун негизинде 3-D принтеринде иштөөнү өздөштүрүштү жана практика жүзүндө роботехникалык моделди программалоону үйрөнүштү.  Мындан сырткары семинар-тренингде ийрим жетекчилерине Кыргызпатенттин сектор башчысы Д. Баякунова тарабынан интеллектуалдык менчик жөнүндө кеңири маалыматтар берилип, баяндама окулду.

Печать