Search:

,;,ll,l;,l;,l,

Ойлоп табууларга кызыккан окуучулар

26-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун (ИМ мамфонду) жана мамлекеттик  патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) кызматкерлери Аламүдүн районундагы И. Таранчиев атындагы Беш-Күңгөй орто мектебинин жогорку класстын окуучулары үчүн “Интеллектуалдык менчиктин негиздери” деген темада  класстык саат өткөзүштү.

Бул иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду интеллектуалдык менчикке кызыгууларын жогорулатуу жана билимдерин арттыруу, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.

Кыргызпатент алдындагы ИМ мамфондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Д. Түлөбердиева “Ойлоп табуунун тарыхы” деген темадагы презентациясында дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар жана жаш ойлоп табуучулар тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди, ошондой эле кыргыз элинин кылым карыткан  салттуу билимдери жөнүндө баяндап, окуучулардын бүйүрүн кызытты.

Акун кызы Динара  автордук укуктун объектилери боюнча презентация аркылуу кеңири түшүнүк берүү менен “Биз кыргыз акын-жазуучуларын билебизби?” аталышында викторина уюштуруп, окуучулар менен аңгеме дүкөн курду.

 Ал эми МПТКнын тейлөө бөлүмүнүн башчысы А. Бекбаева “Бүгүнкү окуучу – эртеңки студент” аталышындагы презентация тартуулап, китепкананын окурмандары үчүн болгон ресурстары, кызматы жөнүндө кызыктуу маалымат берди.

Мындан сырткары окуучуларга арналган “Ойлоп табууга карай жол” аттуу көргөзмө уюшулуп, илюстрациясы кооз, техникага, ойлоп табууларга байланыштуу түрдүү китептер коюлду.

Иш-чарага 30 дан ашык окуучу жана мектептин мугалимдери катышты.

Печать