Search:

,;,ll,l;,l;,l,

Сыйлыктар ээлерин тапты

Бүгүн Ош кыргыз-өзбек университетинде Кыргызпатент тарабынан уюшулган “Автордук укук жана чектеш укуктар: жетишкендиктер жана көйгөйлөр” аталышындагы темада тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында  “Мээрим” балдар билим борборунун окуучусу С. Абдрахманов, ОшТУнун студенттери Б. Эшенкулов менен Б. Болбуровго Кыргызстандын атынан Евразиялык патенттик уюм (ЕАПУ) уюштурган “Келечекке көз караш” Универсиадасына жигердүү катышкандыгы үчүн ЕАПУнун диплому салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ошондой эле балдарды жана жаштарды интеллектуалдык менчик маселелерине кызыгуусун арттыргандыгы жана өнөр-шыктарын өркүндөтүүгө зор салым кошкондугу үчүн аталган борбордун жетекчиси А. Атабаева менен ОшТунун окутуучусу Н. Калдыбаевге Кыргызпатенттин атайы сыйлыгы ыйгарылды.  

Эске сала кетсек, ЕАПУ “Келечекке көз караш” Универсиадасы таланттуу балдарды колдоо, интеллектуалдык менчик маселелерине кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлөт. Универсиадага түрдүү  өлкөдөн 185 адам катышып, 143 иш коюлган.   

Печать