Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Алыскы аймакта дагы бир робототехника ийрими ачылды

Алыскы аймакта дагы бир робототехника ийрими ачылды

Ак-Суу райондук  балдар билим борборунда робототехника ийриминин ачылышы жана  Түрк  кызматташтыгы жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланган техникалык жардамдарды тапшыруу салтанаты болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору У. Сыдыков, Түрк  кызматташтыгы жана координация агенттигинин Кыргызстандагы координатору Али Муслу,  Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким А. Тюкебаев, Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директорунун орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Темиралиев, Ысык-Кол областтык балдар жана чыгармачылык борборунун директору Н. Рогова жана башкалар катышты.

Бул борборго Түрк  кызматташтыгы жана координация агенттиги компьютер, 3Д принтер, робототехника ийримдери үчүн топтомдор сыяктуу техникалык жардам көрсөттү. 

 Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин, ТИКА жана Ак-Суу райондук балдар билим борборунун ортосундагы кызматташуу жана техникалык жардамды колдонуу жѳнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаардык “Мээрим” балдар билим борборунда, Кадамжай райондук мектеп-лицейинде Кыргызпатенттин демилгеси менен ачылган робототехника ийримдерине ТИКА техникалык колдоо көрсөткөн.

 

Печать