Search:

,;,ll,l;,l;,l,

Ойлоп табуучулардын Кеңешинин Президуму

2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) кезектеги ойлоп табуучулардын Кеңешинин Президумунун XIII отуруму болуп өттү.

Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулардын кеңеши ойлоп табуучулардын жана рационализаторлордун укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн жолугушуучу орган болуп эсептелет. Кеңештин курамында 17 киши бар, аны республикабыздын бардык аймагындагы көрүнүктүү илимдин ишмерлери жана профессорлору камтыйт.

Отурумдун күн тартибине ылйык, Отурумдун катышуучулары Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Кыргыз Республикасынын инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө  Мыйзамын  актуализациялоо жана ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн” Алтын медалына талапкерлерди  көрсөтүү жөнүндө маселелерди карашты.

Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароодо киргизилген өзгөртүүлөр Президиумдун мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Кыргыз Республикасынын инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө  Мыйзамын  актуализациялоодо катышуучулар Кыргызпатенттин демилгесин колдоо менен, өткөрүлгөн иштер инновациялык системанын өнүгүшү жана келечеги үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилешти.

ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы сыйлыкка талапкерлерди  көрсөтүү жөнүндө маселени кароодо “Ойлоп табуучулук ишмердүүлүгү үчүн” номианциясына М. К. Балтабевди жана “Патенттик ишке кошкон салымы үчүн” номинациясына И. В. Бочкаревду көрсөтүү чечими бир добуштан кабыл алынды.

Жалпыга маалым болгондой, М. К. Балтабевдин үзүрлүү эмгеги менен псориазды дарылоонун жаңы натыйжалуу ыкмасы, вирустук герпестин инфеккциясы жана нейросифилис, атопикалык дерматит, пиодермияны дарылоонун патогенетикалык ыкмасы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу И. В. Бочкарев Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун окуу процессине патенттик ишти үйрөнүү боюнча предметтерди киргизүүнүн демилгечиси болуп саналат жана өзү сабак берет.

 

Маалымат үчүн: ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы Алтын медалы менен 2006-2019-жылдардын аралыгында жаратуу, түзүү, ойлоп табуучулук ишмердүүлүктүн өнүгүшүнө жана патенттик ишке кошкон зор салымы үчүн 18 ойлоп табуучу сыйланган.

 

Печать