Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Кыргызпатент жаш калемгерлер арасында “Жети жаш автор” республикалык адабий конкурсун жарыялайт!  

Кыргызпатент жаш калемгерлер арасында “Жети жаш автор” республикалык адабий конкурсун жарыялайт!  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жаштардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында жаш авторлор арасында конкурс өткөзөт.

Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:

– чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат;

– конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат;

– чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;

– кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;

– конкурска жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

 Материалдарды  2019-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 30-январына чейин fund@patent.kg  электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 (Ибраимов көчөсүнүн кесилиши, Кыргызпатент) үй дарегине саат 10:00 – 18:00 гө чейин тапшырсаңыздар болот. Толук маалыматты www.patent.kg  жана fund.patent.kg сайттарынан таба аласыздар.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор:  

(0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29,

(0700) 84-83-29

Печать