Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Көңүл буруңуздар, көңүл буруңуздар! Бардык каалоочуларды ойлоп табуучу балдар Күнүнө чакырабыз!

Көңүл буруңуздар, көңүл буруңуздар! Бардык каалоочуларды ойлоп табуучу балдар Күнүнө чакырабыз!

      2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн өткөрөт.

Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө балдардын    ойлоп табуучулугу дайыма көңүлдү өзүнө буруп келет. Кыргызпатентте эл аралык чөйрөдө ойлоп табуучулуктун талашсыз фактыларын эске алуу менен ойлоп табуучу балдардын Күнүн жыл сайын өткөрүү идеясы жаралды.

Иш-чаранын максаты – балдар техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү, колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү.

Кыргызпатенттин максаты – балдарга кубаныч гана тартуулабастан, алардын өнүгүүсүнө эң натыйжалуу образ, ыкмалар менен шарт түзүү. Учурдагы турмуш агымы көптөгөн ата-энени түйшүктөн бошотпой, балдар менен бирге болуусун чектеп жатканы талашсыз. Албетте, ата-эненин көңүл буруусун эч нерсе алмаштыра албайт, бирок балдар көп нерсени оюнга аралашуу менен билери, таанып чыгары шексиз. Биздин максат – бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү жана окуучуларды техникалык-чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү болуп саналат.

Республикабыздагы ойлоп табуучу балдардын көргөзмөсү Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик-патенттик техникалык китепкананын базасында (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а, саат 10.00) өтөт.

Иш-чаранын алкагында авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы-техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар өтүлөт, робототехника, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмө коюлат.

Ошондой эле бөбөктөр үчүн көптөгөн мелдеш, оюндар, кызыктуу китептердин көргөзмөсү жана чакан концерт уюштурулат.

Мүмкүнчүлүктү коё бербеңиздер! Сизде жаш генийлердин ойлоп табуучулугун көрүүгө жана алардын ойлоп табууларын, иштелмелерин, долбоорлорунун маанилүүлүгүн баалоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Келип, көрүп кетиңиз, миң уккандан, бир көргөн артык артык!

 

Байланыш телефондор (0312) 68-04-71,

(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

Печать