Search:

,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү белгиленди

Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү белгиленди

Кыргызпатентте жылдын башы жакшы саамалык менен,  Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн белгилөө менен башталды. Бул иш-чара 2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында өткөрүлүп, ага өнөр-шыктуу, ойлоп табуучу балдар чогулду.

Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө балдардын    ойлоп табуучулугу дайыма көңүлдү өзүнө буруп келет. Кыргызпатентте эл аралык чөйрөдө ойлоп табуучулуктун талашсыз фактыларын эске алуу менен ойлоп табуучу балдардын Күнүн жыл сайын өткөрүү идеясы жаралды.

Иш-чаранын максаты – балдар техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү, колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү.

Кыргызпатенттин максаты – балдарга кубаныч гана тартуулабастан, алардын өнүгүүсүнө эң натыйжалуу образ, ыкмалар менен шарт түзүү. Учурдагы турмуш агымы көптөгөн ата-энени тиричиликтен бошотпой, балдар менен бирге болуусун чектеп жатканы талашсыз. Албетте, ата-эненин көңүл буруусун эч нерсе алмаштыра албайт, бирок балдар көп нерсени оюнга аралашуу менен билери, таанып чыгары шексиз. Биздин максат – бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү жана окуучуларды техникалык-чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы-техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар өтүлөт, робототехника, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмө уюштурулду.

Ошондой эле бөбөктөр үчүн көптөгөн мелдеш, оюндар, кызыктуу китептердин көргөзмөсү жана чакан концерт өткөрүлдү.

Иш-чаранын аягында балдарга куурчак театырнын жомогу көрсөтүлуп, Кыргызпатенттин өнөктөштөрү тарабынан таттуу азыктар, китептер белекке берилди.

Ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн белгилөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызпатент Кыргызстандагы Түркиянын кызматташуу жана өнүктүрүү агенттигине (ТИКА), «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому   “Ата” ЖЧК, “Саамал” ЖЧК, ойлоп табуучуларга жана патенттик ишенимдүү өкүлдөргө ыраазычылык билдирет. 

Печать